Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районундук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясынын кезектеги отуруму болуп өттү

Кадамжай   районундук  билим  берүү  бөлүмүнүн   коллегиясынын  кезектеги  отуруму  болуп  өттү

2019-жылдын 21-май күнү №17 А.Масалиев атындагы орто мектебинин базасында Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүү мекемелеринин коллегиялык кенешмеси болуп өттү. Иш чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов жана 83 мектептин жетекчилери катышты.

 24.05.2019      552       Кесиптик бирлик региондордо

30 жылдык тарыхы бар мектеп

30 жылдык тарыхы бар мектеп

Таш-Көмүр шаарына караштуу №11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 30 жылдык маарекеси белгиленди. Мектептин учурдагы директору Н.Жолдошева салтанаттуу линейканы өзү ачып келген конокторго сөз берилди. Мектептин тарыхы айтылып, түптөлүшүнө, билим берүүдөгү, көп жылдык үзүрлүү эмгектери бар мугалимдерди Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун областтык жана шаардык комитеттери тарабынан Ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул мектепте волонтер Дж.Майердин демилгеси менен конференция залынын ачылыш аземи дагы болду. Бул мектепте иштеп жана мурунку мезгилде жетектеген директорлор, бүтүрүүчүлөр, шардын жетекчилери барышып куттуктоолорун айтышты. Куттуктоолордон кийин атайын мектеп тарыхын баяндаган слайд көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.

 24.05.2019      705       Кесиптик бирлик региондордо

Машыгуусуз жеңиш болбойт!

Машыгуусуз жеңиш болбойт!

Жалал-Абад областынын Ноокен районуна караштуу Шайдан айыл аймагында жайгашкан Ж.Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинде спорт жаатында дагы бир ирет ийгилик жаралып олтурат. 2019-жылдын 19-22-май күндөрү Бишкек шаарында өткөн «Спейшл Олимпикс» федерациясы тарабынан уюштурулган спорттун кичи футбол түрү боюнча республикалык спартакиадасына катышып, биздин тарбиялануучулар зор ийгиликтер менен кайтышты. Анда республиканын бардык областарында жайгашкан интеллектуалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбиялануучу интернат мектептери катышышты.

 23.05.2019      654       Кесиптик бирлик региондордо

«Порядок оплаты и предоставления основных трудовых и социальных отпусков»

«Порядок оплаты и предоставления основных трудовых и социальных отпусков»

Ысык-Атинский райком профсоюза работников образования и науки провел семинар-тренинг 21 мая текущего года на базе Кантской средней школы-гимназии №2 им.К.Рыскулова на тему: «Порядок оплаты и предоставления основных трудовых и социальных отпусков» для заместителей директоров по УВР, председателям первичных профсоюзных организаций ОО и ДОО, бухгалтерам образовательных организация и ЦБ РОО. В ходе показа слайдового материала участники семинара модератором обсуждали каждый вопрос. Во время обратной связи прозвучали слова благодарности, что необходимые материалы от семинара получены, которые будут применяться в каждодневной работе (ожидалось на семинаре примут участие 80 человек, но пришли 120 человек) Вывод: тема нужная была.

 23.05.2019      569       Кесиптик бирлик региондордо

Чех окумуштуусу ОГПИде

Чех окумуштуусу ОГПИде

Чех университетинин окумуштуусуна ОГПИнин ардактуу профессору наамы ыйгарылды. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун эл аралык байланышын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Чех дыйканчылык университетинин доценти, кыргыз таануучу, тарыхчы, этнограф, илимдин доктору Петр Кокайслга окуу жайдын “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.Аталган жогорку наамды ыйгаруу ишараты институттун окумуштуулар кеңешинин чечими менен чыгарылып институтун чон залында жалпы профессордук-окутуулук жамааттын жана студенттердин катышуусунда ректор Бекмурза Зулуев салтанаттуу түрдө тапшырды.

 22.05.2019      562       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда кесип бирлик комитети тарабынан спорттук мелдештер өткөрүлдү

Аксы районунда кесип бирлик комитети тарабынан спорттук мелдештер өткөрүлдү

2019 - жыл президентибиз тарабынан "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы "деп жарыяланды. Аталган жылга карата Аксы районунун Надыр Мамбетов мектебинде кесип бирлик мучолору арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү. Мугалимдер сабактардан сырткаркы учурларда ар кандай иш чараларга активдүү катышышат. Спорт менен машыгып ден соолугун чыңдап, шамдагай болушушат. Мугалимдер эки топко бөлүнүп, ар бир тапшырманы так аткарышты.  Волейбол, аркан тартыш, узундукка секирүү, кол күрөш, скакалкада секирүү, шахмат оюндары ойнолду. 

 22.05.2019      613       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде “Жылдын мыкты усулдук каанасы - 2019” кароо-сынагынын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды

Ноокенде  “Жылдын  мыкты усулдук каанасы - 2019” кароо-сынагынын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, “Жылдын мыкты усулдук каанасы - 2019” кароо-сынагынын райондук туру 35 критерий боюнча каралып, анда 9 айыл өкмөтүнөн бирден эң мыкты деп табылган мектептер катышышты. Алар: № 3 Р. Алибаев, № 4 А. Сатаров, №9 Паяз, №18 Молдалиев, №21 “Фуркат”, № 34 “Жазгак”, № 36 М. Мамаев, Н.Исанов атындагы орто мектептери катышышты. Жыйынтыгында баш байге № 36 М. Мамаев атындагы орто мектеби, I орун №21 “Фуркат” орто мектеби, II орун № 34 “Жазгак”, № 3 Р.Алибаев атындагы орто мектептери, III орун № 9 Паяз атындагы орто мектеби ээ болушту. Кароо-сынакта жеңүүчү аталган мектептер Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин диплом , Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

 20.05.2019      746       Кесиптик бирлик региондордо

Баткенде эмгекти коргоо боюнча семинар өттү

Баткенде эмгекти коргоо боюнча семинар өттү

Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы Б.Акматов атындагы орто мектебинде «Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо: мыйзамдуулук, тажрыйбалар, көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору» деген темада семинар болуп өттү. Семинардын максаты “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо, коопсуздук-техникалык эрежелерин камсыз кылууда жетекчилеринин жана кесиптик бирлик уюмдарынын биргеликте жүргүзүлүүчү иштерин уюштуруу.

 20.05.2019      603       Кесиптик бирлик региондордо

“Мамлекеттик тил-улуттун байлыгы”

 “Мамлекеттик тил-улуттун байлыгы”

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдык маарекесине карата Тогуз-Торо районундагы айыл өкмөттөрү жана мекеме-ишканалар арасында өткөрүлгөн “Мамлекеттик тил-улуттун байлыгы” аттуу кароо сынакка район боюнча 10 команда катышты. Жыйынтыгы 2019-жылдын 17-майында чыгарылып,мыкты даярдыктарды көрсөткөн үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн “Таберик” командасы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын II даражадыгы диплому жана акчалай сыйлыгы менен сыйланышты.

 20.05.2019      635       Кесиптик бирлик региондордо

“Көп окуган көптү билет”

“Көп окуган көптү билет”

Лейлек районунун Кулунда айыл аймагына караштуу И.Раззаков атындагы орто мектебинде 2019-жылдын 14-май күнү “Көп окуган көптү билет” аттуу “Келгиле окуйбуз” долбоорунун регионалдык жыйынтыктоочу туру болуп өттү. Иш чарага райондон 5 мектеп “Лайли” башталгыч мектебинен, Бел-Алма орто мектебинен жана З.Бабур, А.Момунов атындагы орто мектептеринен келген окуучулар, мугалимдер, ата-энелер катышышты. Бул долбоордун максаты окуучулардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу жана коомчулук, ата-энелер менен иш алып барууну күчөтүү болуп саналат. Иш чаранын жүрүшүндө мектептер арасында таймаш өткөрүлүп, жыйынтыгында И.Раззаков атындагы орто мектебинин командасы жеңүүчү аталды. Катышкан мектептердин мугалимдерине райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ыраазычылык каттары” тапшырылды.

 20.05.2019      704       Кесиптик бирлик региондордо

“Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин Президиумунун токтомдорун ишке ашыруу” темасында семинар болуп өттү

“Билим, илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин Президиумунун  токтомдорун ишке ашыруу” темасында семинар болуп өттү

2019-жылдын 17-май күнү Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл аймагындагы № 17 “Кыла” орто мектебинде “Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин 08.02.2019-ж. Президиумунун токтомдорун ишке ашыруу” темасында баштапкы кесиптик уюмдарынын райондук семинар-кеңешмеси болуп өттү.

 17.05.2019      531       Кесиптик бирлик региондордо