Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

30 жылдык тарыхы бар мектеп

Таш-Көмүр шаарына караштуу №11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 30 жылдык маарекеси белгиленди. Мектептин учурдагы директору Н.Жолдошева салтанаттуу линейканы өзү ачып келген конокторго сөз берилди. Мектептин тарыхы айтылып, түптөлүшүнө, билим берүүдөгү, көп жылдык үзүрлүү эмгектери бар мугалимдерди Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун областтык жана шаардык комитеттери тарабынан Ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул мектепте волонтер Дж.Майердин демилгеси менен конференция залынын ачылыш аземи дагы болду. Бул мектепте иштеп жана мурунку мезгилде жетектеген директорлор, бүтүрүүчүлөр, шардын жетекчилери барышып куттуктоолорун айтышты. Куттуктоолордон кийин атайын мектеп тарыхын баяндаган слайд көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.

 

Даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева