Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда кесип бирлик комитети тарабынан спорттук мелдештер өткөрүлдү

2019 - жыл президентибиз тарабынан "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы" деп жарыяланды. Аталган жылга карата Аксы районунун Надыр Мамбетов мектебинде кесип бирлик мучолору арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү. Мугалимдер сабактардан сырткаркы учурларда ар кандай иш чараларга активдүү катышышат. Спорт менен машыгып ден соолугун чыңдап, шамдагай болушушат. Мугалимдер эки топко бөлүнүп, ар бир тапшырманы так аткарышты.  Волейбол, аркан тартыш, узундукка секирүү, кол күрөш, скакалкада секирүү, шахмат оюндары ойнолду. 

Жеңүүчү аталган топко кесип бирлик комитетинин торайымы тарабынан баалуу  сыйлыктар тапшырылды. Мектептин директору Калыбек Урустемов сөз сүйлөп мугалимдер окуучуларга татыктуу билим берүү менен гана чектелбестен, ар кандай уюштурулган иш чараларга активдүү катышып эс алуу керектигин айтты.  "Спорт -ден соолуктун булагы " дегендей дени сак болууга тийиштүү.  Мындан спорттук мелдештер жыл сайын өткөрүлүп келет. 


              

Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева