Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районундук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясынын кезектеги отуруму болуп өттү

2019-жылдын  21-май  күнү   №17  А.Масалиев   атындагы   орто  мектебинин  базасында   Кадамжай  райондук   билим  берүү  бөлүмүнө   караштуу  жалпы  билим  берүү    мекемелеринин  коллегиялык   кенешмеси  болуп  өттү.

Иш  чарага  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн   кызматкерлери, Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Кадамжай  райондук  комитетинин     төрагасы    А.Момошов  жана  83  мектептин   жетекчилери   катышты.

Күн  тартибинде   башталгыч    мектептирдин  билим  сапаты, дене-тарбия  жана  АЧД   сабактарынын  окутулуш  абалы, мектеп  окуучуларынын  райондук, облусттук, республикалык  олимпиадаларга  катышуусу, укук  бузуучулук, кылмыштуулуктун   алдын  алуу   боюнча  Кадамжай  аймагындагы   мектептерде   жүргүзүлүп  жаткан    иштердин  абалы, билим  берүү  мекемелеринде   окуу  жылын   аяктоо   мамлекеттик   экзамендерге   даярдыктын  жүрүшү  жана  ар  түрдүү   маселелер  каралып  чыкты.

Райкомпрофсоюз   тарабынан   даярдалган   райондук  мектептерде «Эмгек   мыйзамдарынын  сакталышы»  жөнүндө  маселе   каралып   чыкты.

 

Материалды  даярдаган   уюштуруучу  адис:  

Ф.Ажиева