Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Көп окуган көптү билет”

Лейлек районунун Кулунда айыл аймагына караштуу И.Раззаков атындагы орто мектебинде 2019-жылдын 14-май күнү “Көп окуган көптү билет”  аттуу “Келгиле окуйбуз” долбоорунун регионалдык жыйынтыктоочу туру болуп өттү.

Иш чарага райондон 5 мектеп “Лайли” башталгыч мектебинен, Бел-Алма орто мектебинен жана З.Бабур, А.Момунов  атындагы орто мектептеринен келген окуучулар, мугалимдер, ата-энелер катышышты. Бул долбоордун  максаты окуучулардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу жана коомчулук, ата-энелер менен иш алып барууну күчөтүү болуп саналат. Иш чаранын жүрүшүндө  мектептер арасында таймаш өткөрүлүп, жыйынтыгында И.Раззаков атындагы орто мектебинин командасы жеңүүчү аталды. Катышкан мектептердин мугалимдерине райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ыраазычылык каттары” тапшырылды.

Ата-энелер, окуучулар, мугалимдер ушул долбоор менен иштешүүгө көмөктөшкөн райондук окуу усул каанасынын башталгыч класстарынын усулчусу Жееналиева Муниса Атакуловнага жана Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевичке терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева