Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткенде эмгекти коргоо боюнча семинар өттү

Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы Б.Акматов атындагы орто мектебинде «Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо: мыйзамдуулук,  тажрыйбалар, көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору» деген темада  семинар болуп өттү.

Семинардын максаты Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо, коопсуздук-техникалык эрежелерин камсыз кылууда жетекчилеринин жана  кесиптик бирлик уюмдарынын  биргеликте жүргүзүлүүчү иштерин уюштуруу.

Семинардын башталышында мектеп жетекчилиги менен баштапкы кесиптик бирлик уюмунун биргелешип жасаган иштери жөнүндө маалымат беришти. Семинардын катышуучулары мектеп директорунун каанасы, усулкана, эс алуу кааналарында мектептин иш тажрыйбасы менен таанышышты. Семинардын журушундо Мектеп жамаатынын жүргүзүп жаткан иш аракеттери жана баштапкы профсоюз уюмунун иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинардын катышуучуларына мектеп директору Ыхвал Садыкова жана баштапкы кесиптик бирлик уюмунун торайымы Сайрам Бекчеева кенири маалымат беришти.

“Билим берүү мекемелериндеги кызматкерлердин эмгек китепчелерин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”  Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин уюштуруу, укук иштери боюнча адиси  К.Акимов слайддык материалды колдонуу менен кенири баяндама жасады.

“Билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгектин зыяндуу жана кооптуу шарттары үчүн кошумча акы төлөөдө жетекчиликтин аткаруучу иштери жана профсоюз уюмдарынын төрагаларынын бул багыттагы ролу жөнүндө” баяндаманы райондук комитеттин адиси А.Масалиев жасады.

Семинардын жүрүшүндо кызматкерлерди жумушка кабыл алуу, жумуштан бошотуу, кызматкерлердин акысыз эмгек өргүүлөрүн берүү, эмгек китепчелерин жүргүзүү боюнча кенири талкуу болуп,  катышуучулар өздөрүнүн суроолоруна жеткиликтуу жоопторду ала алышты.

Кесиптик бирликтин райондук комитеттин төрагасы А.Зайитов сөз сүйлөп, семинарды жыйынтыктады.

 

Билим берүү кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин  Баткен

райондук комитетинин  жетектөөчү адиси

Б.Абдыразакова