Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн Коллегиялык кеңешмеси

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн Коллегиялык кеңешмеси

2019-жылдын 4-апрель күнү Исфана шаарындагы А.Маткаримов атындагы №4-жатак гимназиясында Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин коллегиялык кеңешмеси болуп өттү. Иш чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич жана 67 мектептин директорлору, 49 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары катышышты.

 16.04.2019      573       Кесиптик бирлик региондордо

Ийгилик артынан ийгилик

Ийгилик артынан ийгилик

2019-жылдын 12-апрель күнү Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу Ж. Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинде кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Анда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э.Маматаев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Козуев, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкулов, ардагер мугалимдер, айылдын аксакалдары жана балдар катышышты. Кичи футбол аянтчасынын жалпы сметалык суммасы 800 000 сомду түзөт. Мектепте окуп жана тарбияланып жаткан окуучулар спорттун кичи футбол түрү менен машыгуусуна шарт түзулдү.

 16.04.2019      569       Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шааркомунда усулдук кун өткөрүлдү

Жалал-Абад    шааркомунда  усулдук  кун  өткөрүлдү

Борбордук комитетет “ 2019-жыл-жылды тармактын райондук, шаардык профсоюз комитетттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылы” деп жарыяоо менен райондук, шаардык денгээлдеги профсоюздук иштерды жакщыртуу, сапатын көтөрүү милдеттерин белгиледи. Аталган иштерди турмушка ашыруу үчүн Жалал-Абад обкому атайын иш-чараларды кабыл алып, райшааркомдор менен практыкалык иштерди уюштурууда.

 16.04.2019      637       Кесиптик бирлик региондордо

Кара - Сууда кошмо семинар - окуу болуп өттү

             Кара - Сууда кошмо семинар - окуу болуп өттү

2019-жылдын 11-апрель күнү Кара-Суу районундагы, Жоош айыл өкмө-түндө жайгашкан № 29 «Гайрат» орто мектебинин базасында Кара-Суу зонасындагы 65 жалпы билим берүүчү мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдарынын катышуусунда семинар-окуу болуп өттү.Семинар –окуунун ишине Ош областтык билим,илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин жооптуу кызматкерлери катышып, төрага, төрайымдардын ортосунда укуктук-ченемдик актылары жөнүндө суроо-жооптор болуп диалог түрүндө кызуу талкуу жүрдү. Мындан тышкары мектептин профсоюз мүчөлөрүнүн катышуусунда музыканын коштоосунда маданий-массалык иш-чара тартууланды..

 16.04.2019      581       Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты мугалими - 2019” Лейлек районунда

“Жылдын мыкты мугалими - 2019” Лейлек районунда

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин мугалимдеринин арасында 2019-жылдын 10-март күнү “Жылдын мыкты мугалими - 2019” кароо-сынагынын райондук туру болуп өттү. Райондук тур Исфана шаарынын Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Ташполотова Марипат Жалиловна, социалдык тармактын башкы адиси Жамилов Абдулхак Момунович, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевичтердин катышуусунда билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана профсоюз уюмунун төрагасынын макулдугу менен бекитилген жобого ылайык өткөрүлүп, өзүнө мугалимдердин өзүн-өзү тааныштыруусун, ачык сабак өтүүсүн, тесттик суроолорду ошондой эле партфолиосун, ыңгайсыз жагдайдан чыга билүүсүн камтыды.

 16.04.2019      749       Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо: тажрыйбалар, көйгөйлөр жана чечүү жолдору

Эмгекти коргоо: тажрыйбалар, көйгөйлөр жана  чечүү жолдору

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин иш планына ылайык, 2019-жыл 11-апрелинде Баткен районунун Чон-Кара айылындагы Токтогул атындагы орто мектебинин базасында “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында” райондук,шаардык жана баштапкы профсоюз комитеттеринин ишмердүүлүгүн натыйжалуулугун көтөрүү максатында "Эмгекти коргоо: тажрыйбалар, көйгөйлөр жана чечүү жолдору” деген темада областтык семинар өткөрүлдү.

 16.04.2019      597       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда "Айыл чарба өндүрүшү аркылуу тамактанууну жакшыртуу" деген темада семинар өткөрүлдү

Аксы районунда

2019-жылдын 11-апрелинде Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебинде "Тоолуу Агро экосистемаларда тамактанууну жакшыртуу" долбоорунун алкагында акция өткөрүлдү. Долбоор Швейцария Кызматташуу жана өнүгүү Агенттигинин Азык-түлүк коопсуздук жана Глобалдык Программасы - GPFS SDC тарабынан колдоого алынып Жалал-Абад Айылдык Конституциялык Кызматы "БИОСЕРВИС Коомдук фонду жана ФОД  BIO-KG" Граждандык Альянс тарабынан аткарылып жатат. Долбоордун максаты: Айыл чарба өндүрүшүн туруктуу иштетүү, сапаттуу кайра иштетүү ресурстарын натыйжалуу пайдалануу аркылуу үй бүлөлөрдүн кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн жана тамактанууну жакшыртуу.  "Өзүбүз өстүрөбүз өзүбүз" деген темада конкурс өткөрүлдү. Козүбүзгө корүнгөндүн баары тамак эмес экендигин ар бир катышуучу түшүнүк алды. Жашылча, жемиштерди базардан сатып албай, өз жерибизде өстүрүп тамак-ашка колдонсок, витаминге бай жашылчалар менен организмди чыңдайбыз.

 16.04.2019      551       Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаарында “Жыл мугалими - 2019” кароо - сынагы болуп өттү

Кызыл-Кыя шаарында “Жыл мугалими - 2019” кароо - сынагы болуп өттү

2019-жылдын 25-мартынан 10-апрелге чейин Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери арасында “Жыл мугалими-2019” кароо-сынагы болуп өттү. Кароо- сынак предметтик жана педагогика-психология боюнча тестирлөөдөн, мугалимдин педагогикалык лабораториясы саналган портфолио, маалымат-каражат технологиялары менен иштөө, иш-кагаздарын жүргүзүү, предмети боюнча ачык сабак, чыгармачылык менен ишмердүүлүгүн презентациялоо жана мугалимдин кызыгуусу деп аталган 7 этаптан турду. Сынакка жалпы 12 мугалим катышты. Кароо-сынакты баалоо үчүн билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринен, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин төрайымы жана жалпы билим берүүчү мектептерге көз карандысыз шаардагы жогорку жана атайын окуу жайлардын мугалимдеринен турган комиссия мүчөлөрү бекитилди.

 12.04.2019      810       Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты мугалими”

“Жылдын  мыкты  мугалими”

2019-жылдын 9-10-апрель күндөрү Кадамжай районунда “Жылдын мыкты мугалими-2019” кароо сынагынын райондук туру болуп өттү. Сынакка акимдин орун басары С.Мыйзамовна, Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Гайбуллаев, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, Кадамжай райондук усулкана башчысы М.Ганыбаев, 11 конкурсант жана аларды колдоочу мугалимдер катышты.

 12.04.2019      821       Кесиптик бирлик региондордо

Нарын шаарындагы №17 «Ынтымак» балдар бакчасындагы семинар

Нарын шаарындагы №17 «Ынтымак» балдар бакчасындагы семинар

Нарын шарындагы №17 «Ынтымак» балдар бакчасында 2019-жылдын 29-мартында облустук семинар болуп өттү. Семинарга Нарын облусунун районундагы айылдардын бала бакчалардын тарбиячылары, директорлору келип катышты. Семинардын негизги темасы: «Балдар бакчаларында балдардын өнүгүү индикатору». Бала бакчанын усулчу -тарбиячысы Т.Жузубалиева «Баланын өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү, иш план иштеп чыгуу» деген темада презентация жасады.

 12.04.2019      751       Кесиптик бирлик региондордо

“Акимдин иш сапары”

“Акимдин иш сапары”

2019-жыл 9-чу апрель күнү “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылында Токтогул районунун жаңы Акими Т.Т. Жайыловтун кезектеги таанышуу максатындагы иш сапары Токтогул райондук Билим берүү мекемесине келип соз сүйлөп, суроолорго жооп берип мекеменин иш жайы менен таанышты. Бул иш-чарада Токтогул районунун Профсоюз комитетинин төрагасы Т. Исраиловтун суроо-сунуштарын угуп, колдоп жакынкы мезгилде чара көрөрүн айтып өттү. Токтогул шаар ичиндеги жана районго жакын жайгашкан айылдардагы интернети жок мектептерге жана бала-бакчаларга интернет маселеси боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берип чечип берэм деп убадасын айтты. Чогулушка Токтогул районунун Билим берүү мекемесинин жалпы жамааты, башчысы Д. Сулпукарова жана Токтогул районунун Профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов, зам. Аким Айна Нават кызы болуп катышышты. Аким Т.Т. Жайылов иш жүзү менен таанышып бүткөн соң Профсоюз комитетине жана Билим берүү мекемесине эң жакшы деген баа берди.

 09.04.2019      585       Кесиптик бирлик региондордо