Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде “Жылдын мыкты усулдук каанасы - 2019” кароо-сынагынын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, “Жылдын мыкты усулдук каанасы - 2019” кароо-сынагынын райондук туру  35 критерий боюнча каралып, анда 9 айыл өкмөтүнөн бирден эң мыкты деп табылган мектептер катышышты.

Алар: № 3 Р.Алибаев, № 4 А.Сатаров,  №9 Паяз, №18 Молдалиев, №21 “Фуркат”, № 34 “Жазгак”, № 36 М.Мамаев, Н.Исанов атындагы орто мектептери катышышты.  

Жыйынтыгында  баш байге  № 36 М.Мамаев атындагы орто мектеби, I орун №21 “Фуркат” орто мектеби,  II орун  № 34 “Жазгак”, № 3 Р.Алибаев атындагы орто мектептери,  III орун № 9 Паяз атындагы орто мектеби ээ болушту. Кароо-сынакта жеңүүчү аталган мектептер Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин диплом, Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын  тескөөчүсү

Т. Бакиров