Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алууда

Жайкы эс алууда

Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебинде кесип бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алуулары уюштурулду. Жыл сайын мындай эс алуулар профсоюз тарабынан уюштурулуп турат. Аксы райондук профсоюз комитети тарабынан берилген профвзнос эс алууга жумшалды. "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына" карата Кыргызстандагы кооз жерлердин бири болгон Арсламбапка эс алууга барышты.  Көз жоосун алган жаратылышы, таза абасы, шаркырап аккан суусу кимди гана кызыктырбайт. Жыл бою иштеп, моралдык жактан чарчаган кесип бирлик мучолору эс алууга да убакыт табышып, жаратылыш койнунда болушту.

 11.06.2019      625       Кесиптик бирлик региондордо

Жаш калемгердин айылына берген отчету

Жаш калемгердин айылына берген отчету

9-июнь күнү Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Сай айылында айылдын сыймыктуу уулу, ОГПИнин 4-курсунун студенти Исамидин уулу Бектуралинин “Ташмылтык жана “Төрт дөңгөлөк болгондо” аттуу китептеринин жентеги болуп өттү. Бул тууралуу ОГПИнин маалымат кызматы билдирет. Чыгармачылык кече ачык асман алдында айылдагы мектептин маданий аянтында болуп, ага Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору, профессор Бекмурза Зулуев баштаган Оштон барган өкүлдөр, айыл тургундары, окуучулар, мектеп жамааты, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Кечеде алгач, ректор Б.Б.Зулуев куттутоо сөзгө чыгып, жалпы айыл тургундарын, өзгөчө автордун ата-энесин бүгүнкү өткөрүлүп жаткан кубанычтуу саамалык менен кызуу куттуктап, Бектуралинин окуу жай менен байланыштуу турмушу, өзгөчө эмгектери, окуудагы артыкчылыгы, жетишкендиктери, жараткан ийгиликтери ак экенин жана жеке адамдык жогорку сапаттары менен коомчулукта кадыр-баркка ээ боло алганын баса белгиледи.

 11.06.2019      649       Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын жайкы эс алуусуна даярдык кандай абалда?

Балдардын  жайкы  эс  алуусуна  даярдык  кандай  абалда?

“Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун жана райондук, шаардык комитеттери тарабынан 2019-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндөгү” №26/1 06.06.2019-жыл буйругун ишке ашыруу максатында облустук штабдын мүчөлөрү Базар-Коргон районундагы Арстан-Бап айыл аймагында жайгашкан балдардын ден-соолугун бекемдоочу борборлордун абалы менен 2019-жылдын 7-июну күнү таанышып чыгышты.

 11.06.2019      594       Кесиптик бирлик региондордо

«Келгиле окуйбуз» долбоорунун алкагындагы балдар үчүн жайкы эс алуу

«Келгиле окуйбуз» долбоорунун алкагындагы балдар үчүн жайкы эс алуу

Таш-Көмур шаардык билим берүү бөлумүнө караштуу мектептердин башталгыч класстары үчүн, тактап айтканда 1-4-класстардын окуучуларына “Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында жайкы эс алуу-өнүктүрүүчү лагери уюшулду. Бул эс алуу лагерин башталгыч класстарынын мугалимдери топторго бөлүп, жаш курактарына ылайык иш-чараларды өткөрушөт. Мугалимдер атайын даярдыктан өтүшүп,толук курсту аякташкан. Быйылкы окуу жылында шаардык билим берүү бөлумүнүн жетектөөчү адиси Г.А.Эргешова жана шаардык метод. Кабинеттин директору А.Мамасалиевалар шаардын башталгыч класстар мугалимдеринин билимин өркүндөтүү боюнча “Келгиле окуйбуз” долбоорунун толук курсун окутушту. Бул долбоор боюнча жаш жеткинчектер 3 кадам менен иш алып барышат.

 11.06.2019      632       Кесиптик бирлик региондордо

Профсоз уюмунун камкордугу

Профсоз уюмунун камкордугу

Жаздын башталышы менен Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети тарабынан ден соолугун бээнин суту менен дарылоо жагын уюштуруп берилди.Шаардагы мектептердин мугалимдери, кенже кызматкерлери,бала бакчанын кызматкерлери дагы барышты. Пачата айылында жайгашкан “Нур” эс алуу борбору менен келишим тузүлүп,дарылануу үчүн жөнөтүлдү. Айылдын абасы,бээнин сүтү, үч маал тамагы жана дагы эс алуу борборунун жетекчилери тарабынан тузүлгөн шарт ден соолук чыңдоо үчүн эң мыкты жер экени далилденди. Эс алуучулар ар кандай иш-чараларды дарылануу менен айкалыштырып, ыраазычылыктарын билдиришип,денсоолуктарын чыңдап кайтышты.

 04.06.2019      591       Кесиптик бирлик региондордо

«1-июнь-Балдарды коргоо күнүнө» карата иш-чара

«1-июнь-Балдарды коргоо күнүнө»  карата иш-чара

Ноокен районундагы №29 Я.Мирзаходжаев атындагы орто мектептин 3-“А “ классынын жетекчиси С.Мирзаева жана ата-энелеринин демилгеси менен «1-июнь-Балдарды коргоо күнүна» карата Жалал-Абад шаарынын Токтогул эс алуу багына экскурциялык эс алуу уюштурулду. Эс алууда балдар ар турдүү атракциондордо ойноп, кызыктуу оюндарга катышып көңүл ачышты. Балдар үчүн сый тамак жана белектер берилди.

 04.06.2019      788       Кесиптик бирлик региондордо

Жогоркү Кеңештин депутаты менен облустук профактивдин жолугушусу

Жогоркү Кеңештин депутаты  менен  облустук   профактивдин  жолугушусу

2019-жылдын 3-июнунда «Жалал-Абад» санаториясында Жогорку Кеңешттин депутаты,вице спикер Мирлан Бакиров менен облустук профактивтин жолугушусу болуп өттү. Жолугушууга Жалал-Абад облустук Профсоюздар Кеңешинин төрагасы Э.А.Аглиулин, тармактык профсоюздардын облустук комитеттеринин төрагалары А.Исмаилов, Т.Жалалов, Б.Калчаев жана “Жалал-Абад” санаториясынын эмгек жамааты катышты.

 04.06.2019      635       Кесиптик бирлик региондордо

Жамааттык Келишимдин долбоору талкууда, жаш акындардын ырлары жарык көрдү

Жамааттык Келишимдин долбоору талкууда, жаш акындардын ырлары жарык көрдү

ОшМУнун профсоюз комитетинин кезектеги жыйыны өтүп, анда ректорат менен профкомдун ортосунда 2019-2021-жылдарга карата кабыл алынуучу Жамааттык Келишимдин долбоору боюнча комиссиянын маалыматы угулуп, даярдалган долбоор ректораттын өкүлдөрүнүн жана профкомдун мүчөлөрүнүн талкуусуна коюлду. Күн тартибиндеги ар түрдүү маселелер каралып, жакында ОшМУнун Студенттик Акыйкатчысы болуп шайланган Абдрахманов Адилет профкомдун мүчөлөрүнө тааныштырылды. Мындан сырткары, билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитети тарабынан даярдалып чыгарылган “Тушоо кесүү ыр жыйнагында” ырлары жарык көргөн жаш акындар: Эл аралык мамилелер факультетинин 2-курсунун студенти Аскаров Абдужапарга жана Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти Жамил кызы Наргизага мындан аркы чыгармачылык жолдорунда ийгиликтер жаралышына жакшы каалоолор айтылып, кетептер белекке берилди.

 04.06.2019      704       Кесиптик бирлик региондордо

Балдарга камкордук

Балдарга камкордук

2019-жыл 1-июнь күнү Жалал-Абад облусундагы Ноокен районундагы Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектеп интернатында 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Анда КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, Жалал-Абад облустук Ички Иштер Башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги К.Жолдошев, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими Э.Маматаев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкулов, мекеме - ишканалардын жетекчилери, айыл аксакалдары жана балдар катышышты. Келген коноктор балдарды 1-июнь балдарды коргоо күнү менен куттукташып, белектерин тапшырышты.

 04.06.2019      658       Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы профсоюз уюмдарынын башчылары эс алууну уюштура баштады

Баштапкы профсоюз уюмдарынын башчылары эс алууну уюштура баштады

Таш-Көмүр шаарындагы мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын башчылары эс алууну уюштура баштады. Мындай эс алууну алгачкылардан болуп №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим  берүүчү  орто мектебинин  баштапкы профсоюз уюмунун башчысы Гүлжайна Молдалиева алгачкылардан болуп өз пед.жамаатына Ош облусуна караштуу Алай районундагы  “Жылуу суу” дарылык касиети бар бассейинге алып барып келди. Мындай эс алуулар мугалимдердин ден-соолугуна жана иш жөндөмдөрүнө дагы өз таасирин тийгизбей койбойт эмеспи. Эс алып келген мугалимдер өз ыраазычылыктарын билдиришип профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүктөрүнө жана мындан кийинки уюштуруу иштерине ийгилик каалашты.

 04.06.2019      671       Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык өнөктөш тарабынан балдарды коргоо күнүнө белек

Социалдык өнөктөш тарабынан балдарды коргоо күнүнө белек

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүндө жайгашкан №16 “Наристе” балдар бакчасында эки тайпага ылайыкташтырылган беседканын ачылышы болуп өттү. Анда Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, жергиликтүү кеңештин төрагасы Т.Стамбаев жана депутаттары, ата-энелер, демөөрчүлөр, массалык маалымат каражаттарынан өкүлдөр катышышты.

 03.06.2019      561       Кесиптик бирлик региондордо