Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Школа молодого лидера» жайкы окуу - семинары жөнүндө маалымат

 «Школа молодого лидера»  жайкы  окуу - семинары жөнүндө маалымат

Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин инспектору А.Бөлөкбаев. Мен «Центр солидарности» эл аралык уюму тарабынан уюштурулган «Школа молодежного лидера» окуу семинарынан көптөгөн жаӊы билимдерди алдым. Мен окуу-тренингден профсоюз жөнүндө, кызматкерлердин укуктары жана эл аралык стандарттар, оратордук чеберчилик, лидерлик, мугранттардын укуктары, гендердик теӊчилик, социалдык тармактарды колдонуу жана колдонууда коопсуздук эрежелери жана массалык маалымат каражаттары менен өз ара иштешүү деген темаларда көптөгөн маалыматтарды, тажрыйбаларды алдым.

 02.09.2019      553       Кесиптик бирлик региондордо

“Мен татыктуу эмгек үчүн” жаш лидерлер жайкы мектеби-2019

“Мен татыктуу эмгек үчүн”  жаш лидерлер жайкы мектеби-2019

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан «Эмне үчүн өз эмгек укугунду билүү зарыл” деген темада эссе жазуу үчүн конкурс жарыяланып, жыйынтыгында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин уюштуруу, укук иштери боюнча адиси жана жаштар кенешинин төрагасы К.Акимов  “Жаш лидерлер жайкы мектебине”  катышууга мүмкүнчүлүк алып, 2019-жылдын 23-августунан 26-августуна чейин Ысык-көл областынын Бостери айылындагы “Талисман-Вилидж” эс алуу жайында “Мен татыктуу эмгек үчүн” аталышында жаш лидерлердин жайкы мектебине катышып келди.

 28.08.2019      682       Кесиптик бирлик региондордо

Алысты жакын кылган эс алуу

Алысты  жакын  кылган эс  алуу

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун билим берүү кызматкерлеринин балдары 2019-жылда “Арстанбап-Ата” турбазасында акыркы агым менен 19 бала 10 кун эс алышты. Балдарга шарттарды түзүлүшү менен таанышуу жана кабар алуу максатында турбазада болуп окуучулар жана турбаза жамааты менен маектештим. Балдар алыстан жол журуп, ашуу ашып келгендиктерин жакшы болгондуктарын айтышып кубанышты.

 28.08.2019      580       Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алуу

Жайкы эс алуу

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык профсоюз уюмунун мүчөлөрү: “Санат”, “Нептун”, “Ысык-Көл”, “Арстанбоб”, “Сары-Челек” эс алуу жайларында эс алышып,  уюштуруу комитеттерине жана облустун, шаардын профсоюз комитетинин башчыларына ыраазычылык билдиришти. Быйылкы эс алууга 2018-2019-окуу жылындагы ийгилик көрсөткөн, “Жыл мугалими-2019” конкурсунун жеңүүчүлөрү жана катышуучулары эс ала алышты. Профсоюздун шаардык комитетине караган бардык баштапкы уюмдардын профсоюздары эс алуу менен семинарды айкалыштырып Сары-Челекте 2 күндүк окуу уюштурулду.

 26.08.2019      558       Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин койгойлору кол жээгинен талкууланды

Мугалимдердин койгойлору кол жээгинен талкууланды

Билим беруү жана илим кызматкерлеринин проофсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан 18-августан 23-августка чейин Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда атайын баштапкы уюмдун төрага жана төрайымдары үчүн окуу семинары уюшулду. Бул семинардын алкагында Нарын облусунун Кочкор, Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондорунан келген профкомдор профсоюздун алгылыктуу иштери менен таанышуу менен биргеликте керектүү маалыматтарды төрага Токтогулов Асылбек Токтогуловичтен бетме-бет отуруп кенен алууга жетишишти.

 21.08.2019      576       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокендин мыктылары Алматыда

Ноокендин мыктылары Алматыда

2018-2019-окуу жылында кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү жана иш тажрыйбаларды жайылтуу максатында Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан жарыяланып, өткөрүлгөн мелдештердин жана кароо-сынактарда мыкты ийгиликтерди жараткан, андан сырткары мектепке, бакчага инвестиция тартуу, эмгекти коргоо жана каоопсуздук иш-чараларын мыкты уюштурган мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилери Казахстан Республикасынын Алматы шаарында 12-15-август күндөрү эс алып кайтышты. Эс алууга барган билим берүү кызматкерлери Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык, областтык жетекчилерине жана Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. Нышановго өз ыраазычылыктарын билдиришти.

 21.08.2019      556       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин балдары үчүн камкордук

Билим  берүү  кызматкерлеринин  балдары  үчүн камкордук

2018-жылдан баштап балдардын жайкы эс алуусу үчүн каражат Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан бөлүнүп берилип, республика боюнча билим берүү кызматкерлеринин балдарынын эс алуусу уюштурулууда. 2019-жылда Жалал-Абад облусунун билим берүү кызматкерлеринин балдарынын Базар-Коргон районунундагы “Арстанбап-Ата” турбазасында, Чаткал районунун “Жеткинчек” , Аксы районундагы “Сары-Челек”, Токтогул районундагы “Өйүш-Булак”,Кара-Көл шаарынын “Кайынды”, Көк-Жаңак шаарынын “Арууке” эс алуу борборлорунда 604 баланын эс алуусу райшаардык комитеттер тарабынан уюштурулду.

 21.08.2019      574       Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алуу уланууда

 Жайкы эс  алуу  уланууда

Азыркы учурда Жаллал-Абад облусунун Чаткал районунда Каныш-Кыя айылындагы "Чаткал-Жеткинчек" балдардын эс алуу лагеринде райондогу билим берүү кызматкерлеринин балдары эс алууда. Эс алуу мезгили 26-июлда башталган. Бүгүн лагердеги эс алуу мезгилинин аякташына карата окуучулар катышкан "Кыз-жигиттин сармердени" маданий иш чарасы өттү. Иш чарада кыздар жана балдардан турган эки топ ыр, бий, жаңылтмач, табышмактарды аткарышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Соңунда, активдүү катышкан балдарга район акиминин орун басары Асел Чынасова жана билим берүү кызматкерлеринин райондук кесиптик бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев тарабынан "Ардак Грамоталар" берилди.

 21.08.2019      521       Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз уюму коңшу Өзбекстан мамлекетинде

Профсоюз уюму коңшу Өзбекстан мамлекетинде

Аксы районунун профсоюз уюмунунмүчөлөрү "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына" карата коңшу Өзбекстан мамлетине саякатка барып келишти. И.Н.Мешков мектебинин профсоюз мүчөлөрү кыска мөөнөттүү эс алууга барышты. Алар алгач Анжиян, Самаркан, Бухара, Наманган шаарларына барды. Ар бир улуттун өз маданияты, салты, руханий жана материалдык  байлыктары болот эмеспи. Мына ошол нерселер менен кенен таанышып, көздөрү менен көрүп келди. Шаарлардын кооздугу, архитектуралык курулуштары, жол жээгинде өскөн гүлдөрү көздүн жоосун алат. Элдеринин мейман достугу, дасторкон ажары артта калбайт.  Кесип бирлик мүчөлөрү абдан жакшы маанайда эс алышты. Мындай Өнүгүүлөр жыл сайын алга өсө берсин, биздин да мамлекетибиз мынданда чоң жаратууларга жетише берсин. 

 16.08.2019      578       Кесиптик бирлик региондордо

«Красная Гвоздика» лагеринде эс алуу менен бирге окуу-семинары болуп өттү

«Красная Гвоздика» лагеринде эс алуу менен бирге окуу-семинары болуп өттү

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети 2019-жылдын 14-июлунан 19-июлга чейин Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна караштуу Бөкөнбаев айылында жайгашкан «Красная Гвоздика» аттуу лагерде эс алуу менен бирге окуу-семинар өткөрүп кайтышты. Семинарды Кыргыз Республикасынын билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов өзү ачып берди. Семинардын катышуучуларына Асылбек Токтогулович семинардын максаты, ал максаттарды ишке ашыруу жана Борбордук Комитеттин билим берүү тармагында эмгектенип жаткан профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык жана эмгектик укуктарын коргоодо жасап жаткан иштери жөнүндө кыскача айтып өттү.

 16.08.2019      611       Кесиптик бирлик региондордо

"Мыкты профсоюз " конкурсунун женүүчүлөрү эс алууга жолдомо алышты

2018-жыл "Аймактарды өнүктүрүү" жылы деп белгиленген. Аталган жылга карата билим берүү тармагындагы профсоюз уюмдарынын арасында "Мыкты профсоюз уюму" атту конкурс өткөрүлгөн. Конкурста көрсөтүлгөн жоболорго ылайык, жыл ичиндеги аткарылган иштер, жетишкендиктери боюнча алдыга озуп чыккан "Арча Бешик" мектепке чейинки билим берүү уюму 1-орунду ээлеген. Райондук турдан жеңип, областык турдан 4-орунду ээлеген. Жетишкендиктери үчүн кызыктыруучу  сыйлыктар жана 2019-жылга Ысык-Көлгө 10 адамга жолдомо менен сыйланышты. Ошонун негизинде 2019-жылдын 23-26-июлга чейин Ысык-Көлдөгү "Нептун" эс алуу жайында эс алышып келишти. Жакшы эс алуу менен, жакшы маанайда тарбиячылар эс алып келишти. 2018 -жылдын жыйынтыгы жакшы болду.

 15.08.2019      524       Кесиптик бирлик региондордо