Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Красная Гвоздика» лагеринде эс алуу менен бирге окуу-семинары болуп өттү

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети 2019-жылдын 14-июлунан 19-июлга чейин Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна караштуу Бөкөнбаев айылында жайгашкан «Красная Гвоздика» аттуу лагерде эс алуу менен бирге окуу-семинар өткөрүп кайтышты.

Семинарды Кыргыз Республикасынын билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов өзү ачып берди. Семинардын катышуучуларына Асылбек Токтогулович семинардын максаты, ал максаттарды ишке ашыруу жана Борбордук Комитеттин билим берүү тармагында эмгектенип жаткан профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык жана эмгектик укуктарын коргоодо жасап жаткан иштери жөнүндө кыскача айтып өттү.

Семинарга жети район бир шаардын жалпы 70 кызматкер катышып, эс алып кетишти.

Ош ОПКсы тарабынан 5 күндүк окуу-семинар, эс алууга карата атайын программа даярдалган. Ар күнү эрте мененки тамактан кийин 2 саат окуу семинар, андан кийин кызматкерлеручун эркин убакыт берилет. Ал эми кечки тамактан кийин эс алуучулар үчүн ыр кесе, шерине, дискотека уюштурулуп жатты. Ошондой эле семинардын катышуучуларына туздуу көлгө жана жылуу суу булактарына экскурсия уюштурулду.

Эс алуунун аягында кызматкерлер окуу-семинар жемиштүү болгонун, эс алуу да көӊүлдүү, кызыктуу болуп жаӊы окуу жылында дагы да жакшы күч, энергия менен ишти башташаарын, ошого бул окуу-семинар жана көӊүлдүү эс алуу стимул болоорун айтышты, ушундай иш чараны уюштургандарга ыраазычылыктарын айтышты.

 

Материалды даярдаган:

Байузак Абдыкалыков