Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин койгойлору кол жээгинен талкууланды

Билим беруү жана илим кызматкерлеринин проофсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан 18-августан 23-августка чейин Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда атайын баштапкы уюмдун төрага жана төрайымдары үчүн окуу семинары уюшулду.  Бул семинардын алкагында  Нарын облусунун  Кочкор,  Нарын, Ак-Талаа,  Ат-Башы жана Жумгал райондорунан келген  профкомдор профсоюздун алгылыктуу иштери менен таанышуу менен биргеликте  керектүү  маалыматтарды төрага Токтогулов Асылбек Токтогуловичтен бетме-бет отуруп кенен алууга жетишишти.

Ар бир райондогу кесиптик  уюмдун төрага –төрайымдары ушул күнгө чейин жасаган алгылыктуу иштери менен семинардын катышуучуларын тааныштырып өтүштү. Мындан сырткары  ушул убакка чейин чечилбей келген  мугалимдердин көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун изденишти. Албетте түйшүктүү жана жооптуу кызматты аркалаган мугалимдер үчүн көп нерсе жасала электигин жана ал үчүн талыкпай эмгектенүү зарыл экенин  А.Токтогулов өз сөзүндө баса белгиледи.   Мамлекет тарабынан да билим берүүкызматкерлерине көп көӊүл бөлүнүп, айлык маянасы да көтөрүлө  тургандыгын кошумчалады.

Баардык райондордо мугалимдерди  окутуудагы иш-сапар чыгымдары мамлекет тарабынан азыркы күнгө  чейин  толук төлөнбөй жана чечилбей келгендиги  маанилүү көйгөйлөрдүн бири экендиги айтылып, буга карата тереӊ басым жасоо тапшырмасы райкомдорго   берилди.

Буга кошумча  билим берүү тармагына тиешелүү  мыйзамдардын аткарылышы, үч тараптуу келишимдин ишке ашышы  кенен талкууланды.

Бул окуу семинарында баштапкы уюмдун  төрага, төрайымдары жеткиликтүү  маалымат алуу менен биргеликте  уюштуруучуларгак тереӊ ыраазы болуу менен кайтышты.

 

 

Материалды даярдаган:

    Мамышова Самара