Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз уюму коңшу Өзбекстан мамлекетинде

Аксы районунун профсоюз уюмунунмүчөлөрү "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына" карата коңшу Өзбекстан мамлетине саякатка барып келишти. И.Н.Мешков мектебинин профсоюз мүчөлөрү кыска мөөнөттүү эс алууга барышты. Алар алгач Анжиян, Самаркан, Бухара, Наманган шаарларына барды. Ар бир улуттун өз маданияты, салты, руханий жана материалдык  байлыктары болот эмеспи. Мына ошол нерселер менен кенен таанышып, көздөрү менен көрүп келди. Шаарлардын кооздугу, архитектуралык курулуштары, жол жээгинде өскөн гүлдөрү көздүн жоосун алат. Элдеринин мейман достугу, дасторкон ажары артта калбайт.  Кесип бирлик мүчөлөрү абдан жакшы маанайда эс алышты. Мындай Өнүгүүлөр жыл сайын алга өсө берсин, биздин да мамлекетибиз мынданда чоң жаратууларга жетише берсин. 

 


Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева