Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алуу

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык профсоюз уюмунун мүчөлөрү: “Санат”, “Нептун”, “Ысык-Көл”, “Арстанбоб”, “Сары-Челек” эс алуу жайларында эс алышып,  уюштуруу комитеттерине жана облустун, шаардын профсоюз комитетинин башчыларына ыраазычылык билдиришти. Быйылкы эс алууга 2018-2019-окуу жылындагы ийгилик көрсөткөн, “Жыл мугалими-2019” конкурсунун жеңүүчүлөрү жана катышуучулары эс ала алышты. Профсоюздун шаардык комитетине караган бардык баштапкы уюмдардын профсоюздары эс алуу менен семинарды айкалыштырып Сары-Челекте 2 күндүк окуу уюштурулду.

 

Даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева