Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Мыкты профсоюз " конкурсунун женүүчүлөрү эс алууга жолдомо алышты

2018-жыл "Аймактарды өнүктүрүү" жылы деп белгиленген. Аталган жылга карата билим берүү тармагындагы профсоюз уюмдарынын арасында "Мыкты профсоюз уюму" атту конкурс өткөрүлгөн. Конкурста көрсөтүлгөн жоболорго ылайык, жыл ичиндеги аткарылган иштер, жетишкендиктери боюнча алдыга озуп чыккан "Арча Бешик" мектепке чейинки билим берүү уюму 1-орунду ээлеген. 

Райондук турдан жеңип, областык турдан 4-орунду ээлеген. 

Жетишкендиктери үчүн кызыктыруучу  сыйлыктар жана 2019-жылга Ысык-Көлгө 10 адамга жолдомо менен сыйланышты. Ошонун негизинде 2019-жылдын 23-26-июлга чейин Ысык-Көлдөгү "Нептун" эс алуу жайында эс алышып келишти. Жакшы эс алуу менен, жакшы маанайда тарбиячылар эс алып келишти. 2018 -жылдын жыйынтыгы жакшы болду.

Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева