Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алысты жакын кылган эс алуу

Жалал-Абад  облусунун  Тогуз-Торо районунун  билим  берүү кызматкерлеринин   балдары  2019-жылда  “Арстанбап-Ата”  турбазасында  акыркы  агым  менен 19  бала   10  кун  эс  алышты. 

Балдарга шарттарды  түзүлүшү менен  таанышуу  жана   кабар  алуу  максатында турбазада  болуп  окуучулар  жана  турбаза  жамааты  менен маектештим. 

Балдар  алыстан  жол  журуп,   ашуу ашып  келгендиктерин  жакшы болгондуктарын  айтышып  кубанышты. Балдар  үчүн тамак- аштар  даамдуу  даярдалгандыгы,  жатаканаларда  шарттардын жакшы  түзүлгөндүгүн,   маданий эс  алууларды  атракциондордо уюштурулгандыгын белгилешип, профсоюздун  республикалык, облустук, райондук  жетекчилерине   жана  турбазанын жамаатына  ыраазычылыктарын айтышты.

Өзгөчө Тогуз-Торо   райкомунун  төрагасы Ажыбаев  Залкарбек  Керипбаевич балдарды  Казармандан  Арстанбап  айылына  чейин  коопсуздугун  камсыздап  алып  келип, кайра  алып  кеткени  келгендигине ыраазы болушуп, толкунданып рахмат  айтуу  менен  жакшы  каалоолорун  билдиришти.

 

Материалды  даярдаган: 

Жалал-Абад  обкомунун  инспектору

А.Айдаров