Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алуу уланууда

Азыркы учурда Жаллал-Абад  облусунун Чаткал  районунда  Каныш-Кыя айылындагы "Чаткал-Жеткинчек" балдардын эс алуу лагеринде райондогу билим берүү кызматкерлеринин балдары эс алууда. Эс алуу мезгили 26-июлда башталган.

Бүгүн лагердеги эс алуу мезгилинин аякташына карата окуучулар катышкан "Кыз-жигиттин сармердени" маданий иш чарасы өттү. Иш чарада кыздар жана балдардан турган эки топ ыр, бий, жаңылтмач, табышмактарды аткарышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Соңунда, активдүү катышкан балдарга район акиминин орун басары Асел Чынасова жана билим берүү кызматкерлеринин райондук кесиптик бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев тарабынан "Ардак Грамоталар" берилди.

Материалды  даярдаган: 

Чаткал   райкомунун  төрагасы

Кудайбердиев Ы.К.