Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын жайкы эс алуусуна даярдык кандай абалда?

“Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  обкомунун  жана  райондук,  шаардык  комитеттери  тарабынан  2019-жылы балдардын  жана  өспүрүмдөрдүн  жайкы  эс  алуусун  уюштуруу  жөнүндөгү”  №26/1 06.06.2019-жыл буйругун ишке  ашыруу  максатында облустук штабдын  мүчөлөрү  Базар-Коргон  районундагы Арстан-Бап айыл  аймагында  жайгашкан балдардын ден-соолугун бекемдоочу борборлордун  абалы  менен 2019-жылдын 7-июну  күнү таанышып чыгышты.

Штабдын  башчысы, Жалал-Абад  обкомунун  төрагасы  А.Исмаилов борборлордун  жетекчилерине сунуштары  жана кемчиликтерди  айтып, даярдык  иштерин өз  убагында бүткөрүү  зарылдыгын белгиледи.

Материалды  даярдаган:

Обкомдун  инспектору

А.Айдаров