Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдарга камкордук

2019-жыл 1-июнь күнү Жалал-Абад облусундагы Ноокен районундагы  Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектеп интернатында 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.

Анда КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, Жалал-Абад облустук Ички Иштер Башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги К.Жолдошев, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими  Э.Маматаев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкулов, мекеме - ишканалардын жетекчилери, айыл аксакалдары  жана балдар катышышты.

Келген коноктор балдарды 1-июнь балдарды коргоо күнү менен куттукташып, белектерин тапшырышты. Иш-чара Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектеп интернатынын  тарбиялануучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө спорттук мелдештер, дил баян, сүрөт конкурстары уюштурулуп, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар тапшырылды.

 

Материалды даярдаган:

Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак

мектеп интернатынын  профкому М.Төрөбекова