Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш калемгердин айылына берген отчету

9-июнь күнү Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Сай айылында айылдын сыймыктуу уулу, ОГПИнин 4-курсунун студенти Исамидин уулу Бектуралинин “Ташмылтык жана “Төрт дөңгөлөк болгондо” аттуу китептеринин  жентеги  болуп өттү. Бул тууралуу ОГПИнин маалымат кызматы билдирет.

Чыгармачылык кече ачык асман алдында айылдагы мектептин маданий аянтында болуп, ага Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору, профессор Бекмурза Зулуев баштаган Оштон барган өкүлдөр, айыл тургундары, окуучулар, мектеп жамааты, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Кечеде алгач, ректор Б.Б.Зулуев куттутоо сөзгө чыгып, жалпы айыл тургундарын, өзгөчө автордун ата-энесин бүгүнкү өткөрүлүп жаткан кубанычтуу саамалык менен кызуу куттуктап, Бектуралинин окуу жай менен байланыштуу турмушу, өзгөчө эмгектери, окуудагы артыкчылыгы, жетишкендиктери, жараткан ийгиликтери ак экенин жана жеке адамдык жогорку сапаттары менен коомчулукта кадыр-баркка ээ боло алганын баса белгиледи. Ошону менен бирге Бектуралинин чыгармачылыгына кенири токтолуп, жаш калемгердин жазган чыгармалары жаңы багытты көздөгөн, окурманга таасир калтыра алган жана чыныгы кыргыз айылынын турмушу мыкты жазуучулук көзкараш менен аңгемелерде чагылдырылганын айтып өттү. Иш чарада ректор Бектуралидей үлгүлүү уулду тарбиялап өстүргөн ата-энесине жана тамга таанытып, талант, шыгын ойготуу менен татыктуу билим берген мектеп жамаатына окуу жайдын ыраазычылык катын жана белектерди тапшырды. Кече автордун чыгармалары чагылдырылган, театралдык программа менен коштолуп, анда ОГПИнин алдындагы “Жаратман” чыгармачылык борборунун таланттары тарабынан ыр, бий, сахналык көрүнүш жана тамашалар аткарылып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.

Кеченин соңунда Бектурали жана ата-энеси жалпы айылдаштарына, колдоп келген конокторуна, чыгармачыл досторуна ыраазычылык билдирүү менен бүгүнкү айылына берген чыгармачылык отчету катары өткөн кеченин алкагында Сай айылына ак эмгек өтөп, айыл көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошкон өзгөчө инсандарды  атайын белгилеп, өзүнүн атынан “Тирек” аттуу алкыш баракчасын  жана белектерин тапшырды.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу