Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жамааттык Келишимдин долбоору талкууда, жаш акындардын ырлары жарык көрдү

ОшМУнун профсоюз комитетинин кезектеги жыйыны өтүп, анда ректорат менен профкомдун ортосунда 2019-2021-жылдарга карата кабыл алынуучу Жамааттык Келишимдин долбоору боюнча комиссиянын маалыматы угулуп, даярдалган долбоор ректораттын өкүлдөрүнүн жана профкомдун мүчөлөрүнүн талкуусуна коюлду.                                                                   

Күн тартибиндеги ар түрдүү маселелер каралып, жакында ОшМУнун Студенттик Акыйкатчысы болуп шайланган Абдрахманов Адилет профкомдун мүчөлөрүнө тааныштырылды. Мындан сырткары, билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитети тарабынан даярдалып чыгарылган “Тушоо кесүү ыр жыйнагында” ырлары жарык көргөн жаш акындар: Эл аралык мамилелер факультетинин 2-курсунун студенти Аскаров Абдужапарга жана Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти Жамил кызы Наргизага мындан аркы чыгармачылык жолдорунда ийгиликтер жаралышына жакшы каалоолор айтылып, кетептер белекке берилди.

 

Материалды даярдаган:

Аккулов Абжапар