Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык өнөктөш тарабынан балдарды коргоо күнүнө белек

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүндө жайгашкан № 16 “Наристе” балдар бакчасында эки тайпага ылайыкташтырылган  беседканын ачылышы болуп өттү.

Анда Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен  райондук комитетинин төрагасы  К.Нышанов, жергиликтүү кеңештин төрагасы Т.Стамбаев жана депутаттары, ата-энелер, демөөрчүлөр, массалык маалымат каражаттарынан өкүлдөр  катышышты.

Момбеков айыл өкмөтү, №16 “Наристе” балдар бакчасынын администрациясы жана баштапкы кесиптик уюмунун ортосунда түзүлгөн Үч тараптуу Макулдашуунун негизинде курулуп, пайдаланууга берилген  беседканын жалпы суммасы 186 500 сомду түзөт.

Иш-чара бакчанын тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.

 

 

Материалды даярдаган:

№16 “Наристе” балдар бакчасынын профкому

М. Мамасаидова