Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жогоркү Кеңештин депутаты менен облустук профактивдин жолугушусу

2019-жылдын 3-июнунда «Жалал-Абад» санаториясында  Жогорку Кеңешттин депутаты,вице спикер  Мирлан  Бакиров менен  облустук  профактивтин  жолугушусу  болуп  өттү. Жолугушууга  Жалал-Абад облустук Профсоюздар  Кеңешинин  төрагасы Э.А.Аглиулин , тармактык профсоюздардын  облустук  комитеттеринин   төрагалары А.Исмаилов, Т.Жалалов, Б.Калчаев жана “Жалал-Абад”  санаториясынын  эмгек  жамааты   катышты.

Иш-чаранынын 1-бөлүгүн  медицина  кызматкерлеринин профсоюзунун  облустук комитетинин  төрагасы  Э.Исмаев ачып, М. Бакировко жолугушууга келгендиги  үчүн  ыраазычылык билдирүү  менен   сөз берди.

Жогорку Кеңештин  депутаты  М.Бакиров “Профсоюздар  жөнундөгү”  мыйзам  долбоордун жумушчу  тобунун  мүчөсү  катарында кыскача  маалымат  берди. Профактивтин  атынан Э.Исмаев долбоор  жөнүндөгү  ой-пикирлер,  сунуштар  менен  таныштырды. Чыгып  сүйлөгөндөр  мыйзам  долбоор   боюнча  өз  пикирлерин билдиришти.

2-бөлүгүндө Жогорку  Кеңештин  вице  спикери  М. Бакиров  “Жалал-Абад”  санаториясынын жамаатынын ишмердүүлүгү менен  таанышып,  аткарылып  жаткан  иштерге  канааттангандыгын  айтып, жамаатка мындан да жакшы ийгиликтерди  жаратуу мумкунчулуктары бар экендигин  белгиледи.

Жамааттын  атынан сүйлөгөндөр санаторияны  ийгиликтери жетекчилик тарабынан жакшы демилгелерди  ишке  ашырып  жаткандыгын  натыйжасы катарында белгилешип, депутаттан көйгөйлөрдү  чечүүгө көмөк  көрсөтүүсүн  суранышты.

Жыйынтыгында Жалал-Абад  Профсоюздар Кеңешинин  төрагасы  Э.А.Аглиулин профсоюз  активтердин  атынан М.Бакировко ыраазычылык билдирип, депутаттык  кызматында ийгиликтер, бекем  ден-соолук каалады.

 

Материалды  даярдаган:

Жалал-Абад  обкомунун инспектору

А.Айдаров