Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Машыгуусуз жеңиш болбойт!

Жалал-Абад областынын Ноокен районуна караштуу Шайдан айыл аймагында жайгашкан Ж.Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинде спорт жаатында  дагы бир ирет ийгилик жаралып олтурат.                                      

2019-жылдын 19-22-май күндөрү Бишкек шаарында өткөн «Спейшл Олимпикс» федерациясы тарабынан уюштурулган спорттун кичи футбол түрү боюнча республикалык спартакиадасына катышып, биздин тарбиялануучулар зор ийгиликтер менен кайтышты. Анда республиканын бардык областарында жайгашкан интеллектуалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген  балдар тарбиялануучу интернат мектептери катышышты.

Биздин тарбиялануучулар I орунду багындырышып, «Спейшл Олимпикс» федерациясы тарабынан кубок ,  медалдар  жана  дипломдор менен сыйланышты.

Бул ийгиликтерге жетүүдө Ж.Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинин директору Э. Абдурахманов, дене тарбия мугалимдери З. Сатаров, Н.Халжигитов, Н.Каримкуловдордун эмгеги зор.

 

 

Материалды даярдаган:

Ж.Ниязов атындагы атайын жалпы

билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинин

баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы

Төрөбекова Миргул