Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чех окумуштуусу ОГПИде

Чех университетинин окумуштуусуна ОГПИнин ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун эл аралык байланышын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Чех дыйканчылык университетинин доценти, кыргыз таануучу, тарыхчы, этнограф, илимдин доктору Петр Кокайслга  окуу жайдын “Ардактуу профессору”  наамы ыйгарылды.

Аталган жогорку наамды ыйгаруу ишараты  институттун окумуштуулар кеңешинин чечими менен чыгарылып  институтун чон залында жалпы профессордук-окутуулук жамааттын жана студенттердин  катышуусунда ректор Бекмурза Зулуев салтанаттуу түрдө тапшырды.

Салтанаттагы сыйлыктын ээси катары Кокайсл мырза жамаат алдында сөз сүйлөп, бул наамды алуу менен абдан толкунданып турганын жана окуу жайдын жогорку урмат сыйы үчүн терен ыраазычылыгын билдирип өттү. Ошондой эле келээрки оку жылында бир нече окутуучуларды жана студенттерди өзү эмгектенген университетке тажырыйба алмашууга чакыраарын, мындан тышкары да ар тараптуу кызматташууну кеңейте тургандыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек Билим берүүнүн жаңы талаптарына ылайык, Ош гуманитардык-педагогикалык институту ички жана тышкы байланыштарды бекемдөө иштери алгылыктуу жүрүп, ал арада Чех дыйканчылык университети менен  жаныдан кызматташтык байланышы түзүлүү менен келээрки окуу жылына карата эки окуу жайдын биргеликте иш алып барууcу боюнча масштабтуу иштер пландалууда.

 

Материалды даярдаган:

 Кубаныч Жылкычы уулу