Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кылмыштуулуктун алдын алуу жана боорукерсиздик

Кылмыштуулуктун алдын алуу жана боорукерсиздик

Аксы районунуна караштуу Кызыл-Туу айыл окмотуно караштуу С.Айтиев, М.Барпиев, Аркыт, Э.Арстанбаев мектептеринде «Кылмыштуулуктун алдын алуу жана боорукерсиздик» деген темада тарбиялык сааттар отулду. Сабактын максаты: Кылмыштулуктун кесепети коомго тийгизген терс таасири, боорукерсиздиктин тубу кылмыштуулукка алып бараарын окуучуларга кенири тушундуруу, окуучулардын ойлоо жондомдорун остуруу менен бирге убакыттарын туура пайдаланууга, келечекке туура кадам коюуга ундоо жана багыт беруу. Окуучуларды боорукердикке, адептуу болууга тарбиялоо. Сабактын журушундо «Боорукерсиздиктин кесепети- уурулукка жана таш боорлукка алып келет» аттуу видео ролик корсотулуп окуучуларга кенен тарбия таалим берилди.

 25.02.2020      749       Кесиптик бирлик региондордо

“Мыкты устат шакирт-2020”

“Мыкты устат шакирт-2020”

Лейлек районунун “Достук” орто мектебинде үстүбүздөгү жылдын 15-февраль күнү мектептеги окуу-тарбия процессин жандандыруу, насаатчы мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу менен бирге жаш адистердин жумушка болгон кызыгуусун арттыруу, малекеттик тилдин статусун бекемдөө жана кадыр-баркын көтөрүү, жаш адистерге кесиптик такшалуу жагынан көмөк көрсөтүү аркылуу мектептин кадрлар боюнча мүмкүнчүлүгүн бекемдөө, мугалимдер арасындагы достук мамилени чыңдоо, бекемдөө, ынтымакка жана бирмдикке чакыруу максатында “Мыкты устат шакирт-2020” аттуу кароо-сынак өткөрүлдү. Кароо-сынак насаатчы мугалим менен жаш адистин педагогикалык жана психологиялык жүзү, иш аракеттери, өзүн алып жүрүүсү жана ар кандай абалдарда өзүн кармай билүүсү, ар кандай кырдаалдан чыга билүүсү сыяктуу мугалимдик такт, жесттерге жаш адистерди даярдоого багытталган 6 шарттан туруп өтө кызыктуу болуп, конкурсанттар активдүүлүгүн көрсөтө алышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, баштапкы профсоюз тарабынан даярдалган чакан белектер менен сыйланышты.

 25.02.2020      518       Кесиптик бирлик региондордо

ИЛИМПОЗДОРДОН КЕЗЕКТЕГИ КОНОК ЛЕКЦИЯ

ИЛИМПОЗДОРДОН КЕЗЕКТЕГИ КОНОК ЛЕКЦИЯ

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Даир Кенжебаев Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттерге конок лекция окуду. Аталган лекция “Котормонун теориясы жана практикасы” деген аталышта болуп ага ОГПИде филологиялык билим берүү багыты боюнча даярдалып жаткан кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис жана кытай тили адистигинде окуган студенттер катышышты. Студенттер үчүн бир топ маалымат алууга шарт түзүлгөн бул саамалыкта котормо таануу илиминин адам турмушундагы ролу жана анын учурдагы актуалдуулугу, филолог адистер үчун котормо өнөрүнүн мааниси, котормочудан талап клынуучу кесиптик сапаттар тууралуу кенен сөз болду. Ошондой эле Д.Кенжебаев практик котормочу катары да ой-пикирлерин билдирип, котормочулук өнөрдүн артыкчылыктары, өзүн өнүктүрүүнүн натыйжалуу жолдору тууралуу өзүнүн турмуштук тажрыйбасынын мисалында баяндап берди.

 25.02.2020      424       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде билим берүү кызматкерлеринин “Ден-соолук-2020” спартакиадасы өткөрүлдү

Ноокенде билим берүү  кызматкерлеринин “Ден-соолук-2020”  спартакиадасы өткөрүлдү

2020-жылдын 22-февраль күнү Ноокен районунун Масы айылындагы Масы спорт клубунун залында жана №2 С.Ногоева атындагы орто мектебинин базасында билим берүү кызматкерлеринин “Ден-Соолук-2020” спартакиадасы спорттун волейбол, шахмат, стол тенниси жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча 9 айыл аймактын курама командаларынан 300 дөн ашуун билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлдү. Спартакиаданынын ачылышына Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов жана райондогу ардагер дене-тарбия мугалимдери келип катышышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты жана спартакиаданын катышуучуларына ийгилик каалашты. Жыйынтыгында жалпы командалык эсепте 1-орунду Кочкор-Ата шаарынын билим берүү кызматкерлеринин курама командасы, 2-орунду Шайдан айыл аймагы, жана 3-орунду Арал айылынын курама командалары ээлешти. Жеңүүчүлөр Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан кубок, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 25.02.2020      618       Кесиптик бирлик региондордо

Акылдуу мектеп- келечектин мектеби

 Акылдуу мектеп- келечектин мектеби

Жалал- Абад облусунун Кара- Көл  шаардык билим берүү бөлүмү жергиликтүү бийлик, жергиликтүү депутаттар  менен кызматташып, “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагында 6 жалпы билим берүүчү орто мектепти, 2 башталгыч мектепти, 3 мектепке чейинки билим берүү мекемесин интернет тармагы менен туташтырып, видеобайкоо көзөмөл орнотту. Бул иштер аткарылгандан кийин мектептер замандын агымынан калбай “Акылдуу мектеп” долбоорун ишке ашырып жатышат.  Анын алкагында мугалим- адистер муну учурдун талабы экендигин белгилешип,  компьютердик  маалымат техникаларын өз каражаттарынын эсебинен сатып алып жатышат. Мында, “Электрондук мектеп”, “Электрондук мугалим”, “Электрондук окуучу”, “Электрондук ата- эне”  катышкан “Электрондук чөйрө” түзүлөт . Ар бир катышуучунун милдеттери белгиленген. “Электрондук мектепте” электрондук журнал түзүлүп, окуучуларга коюлган баалар,  отчеттор, каттар алмашуу, окуу программалары ж.б. иш кагаздар электрондук форматта жүргүзүлөт деп жатабыз. “Электрондук окуучу” электрондук күндөлүк жана электрондук тапшырмаларды аткарууга катышышат. “Электрондук мугалим”  - санарип мугалим катары компетенттүү болуш үчүн мугалимдер компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу максатында шаарыбызда жаңыдан ачылган “Элдердин достугу” окутуу борборунан окуп жатышат.

 25.02.2020      1240       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарында жаш спортчулардын ийгилиги бааланды

Таш-Көмүр шаарында жаш спортчулардын ийгилиги бааланды

Таш-Көмур шаарынын мэри Р.Асаналиев Румыния мамлекетинде өткөрүлгөн спорттун кол күрөш боюнча Дүйнөлук чемпионатынын баш байгесин башкача айтканда алтын медалдын ээси болгон Каратаева Жибекке,күмүш медалынын ээси №14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык гимназия мектебинин окуучусу Аскат уулу Өткүргө,Монголия мамлекетинде өткөрүлгөн бокс боюнча Азия чемпионатынын катышуучусу Бактыбек уулу Эдилге жана алардын машыктыруучусу балдар чыгармачылык үйүнүн мугалими Каныбек Эсенгелдиевге 15000 сомдон,10000 сомдон финансылык колдоо көрсөтүп спорттогу ийгиликтери үчүн ыраазычылыгын билдирди.Бул колдоо окуучуларыбызга жана машыктыруучусуна чоң стимул болуп алдыды дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратышарына үмүтүбүз чоң.

 25.02.2020      409       Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими-2020»

  «Жыл мугалими-2020»

2020-жылдын 19-февраль күнү Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы Жомий атындагы орто мектебинин чон залында “Жыл мугалими -2020” аймактык кароо сынагы болуп отту. Кароо сынака Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, Билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы А.Сарымсаков, Рай БББ жетектөөчү адиси Г.Кадырова, С.Айдарова жана мугалимдердин катышуусунда өттү. Кароо сынака төмөнкү 9 мугалим катышты.

 25.02.2020      823       Кесиптик бирлик региондордо

Ардагерлерге сый урмат

Ардагерлерге сый урмат

23-февраль күнү Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан атайын иш чара уюштурулуп, Ноокен районунун билим берүү тармагынын ардагер агайлары чакырылды. Иш чарага Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, Ноокен райБББнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Г.Борбиевалар катышышты. Жетекчилер келген конокторду майрамдары менен куттукташып, майрамдык белектерди тапшырышты. Аземдин сыйлуу коноктору жетекчилерге билим берүү тармагында жүргүзүп жаткан иштерин дагыда өркүндөтүүдө чоң салымдарын кошуп жаткандыктарын белгилешип,ыраазычылыктарын билдиришти.

 21.02.2020      482       Кесиптик бирлик региондордо

Жаӊы жылда жаӊы эс алуу

Жаӊы жылда жаӊы эс алуу

2020-жылдын эсебинен №10 Учкун, №22 Айкол атындагы мектепке чейинки бала бакчалардын жетекчилери Турдубаева Дарика менен Тойматова Элмира эжеке Жалал-Абад курортунда болушуп ден-соолугун чындашып эс алышып келишти. Бул жолдомону берген Жалал-Абад облустук жанан Аксы райондук профсоюз комитеттине абдан ыраазычылыктарын билдиришип жаны окуу жылында жаны күч дем менен жаны ийгиликтерге жетишерин убада кылышты.

 21.02.2020      518       Кесиптик бирлик региондордо

Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү

Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата иш чаралар өткөрүлдү

15-20-февраль күндөрү Ноокен районундагы билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик уюмдары жана жаштар кеңештери тарабынан 15-февраль Афганчылар күнү жана 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата бир катар иш чаралар өткөрүлдү. Анда концерттик программалар тартууланып, тегерек столдор, спорттук мелдештер уюштурулду. Иш чараларга афган согушунун, Баткен, Чернобль окуяларынын катышуучулары чакырылды. Андан сырткары Ноокен райБББнүн адистери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары катышышты. Аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча 10-11-класстарынын окуучулары өз чеберчиликтерин көрсөтүшүп, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.

 21.02.2020      688       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда профсоюз уюмунун пленуму болду

Аксы районунда профсоюз уюмунун пленуму болду

2020-жылдын 18-февралында Аксы райондук илим билим кесип бирлик комитетинин аткарган иштери боюнча бир жылдык отчетун берди. Райондук комитеттин төрагасы Сагын Камчыбеков бул кызматта иштегенине 3 жылдын жүзү болду. Ар жылы аткарылган иштер тууралуу кеңири маалымат берип, алдыдагы аткарыла турган иштер боюнча айтып өттү. 2019-жылда комитетте алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Кесип бирлик мүчөлөрүнүн коопсуздугуна,ден соолугуна,иштеген иш орундарына көңүл бурулуп келет.22 мүчө ден соолугун чыңдоо үчүн санаторияларга жолдомо менен барып, эс алышты. 12кесип бирлик мүчөлөрү материалдык жардам көрсөтүлдү, 25 эң мыкты иштеген мүчөлөр Ысык-көлгө эс алууга жиберилди. Кароо сынактардын жеңүүчүлөрү да белектерге ээ болушту. Райондук профсоюздар бөлүнгөн профвызностор туура багыттарга бөлүштүрүлгөн. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча "Мыкты профсоюз уюму" деген конкурстун жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык, грамоталар менен сыйланышты. Профсоюз уюмунун алгылыктуу иш алып барып жаткандыгы байкалды.

 21.02.2020      429       Кесиптик бирлик региондордо