Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ИЛИМПОЗДОРДОН КЕЗЕКТЕГИ КОНОК ЛЕКЦИЯ

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Даир Кенжебаев Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттерге конок лекция окуду.

Аталган лекция “Котормонун теориясы жана практикасы” деген аталышта болуп ага ОГПИде филологиялык билим берүү багыты боюнча даярдалып жаткан кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис жана кытай тили адистигинде окуган студенттер катышышты. Студенттер үчүн бир топ маалымат алууга шарт түзүлгөн бул саамалыкта котормо таануу илиминин адам турмушундагы ролу жана анын учурдагы актуалдуулугу, филолог адистер үчун котормо өнөрүнүн мааниси, котормочудан талап клынуучу кесиптик сапаттар тууралуу кенен сөз болду. Ошондой эле Д.Кенжебаев практик котормочу катары да ой-пикирлерин билдирип, котормочулук өнөрдүн артыкчылыктары, өзүн өнүктүрүүнүн натыйжалуу жолдору тууралуу өзүнүн турмуштук тажрыйбасынын мисалында баяндап берди.

Белгилей кетсек лекция студенттерди ар тараптуу билимге суугаруу максатында Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулган.  Планга ылайык лекция 27-февральга чейин уланып, тиешелүү багытта башка темалар боюнча да студенттер менен жолугушуулар болмокчу.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу