Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Мыкты устат шакирт-2020”

Лейлек районунун “Достук” орто мектебинде үстүбүздөгү жылдын 15-февраль күнү мектептеги  окуу-тарбия процессин жандандыруу, насаатчы мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу менен бирге жаш адистердин жумушка болгон кызыгуусун арттыруу, малекеттик тилдин статусун бекемдөө жана кадыр-баркын көтөрүү, жаш адистерге кесиптик такшалуу жагынан көмөк көрсөтүү аркылуу мектептин кадрлар боюнча мүмкүнчүлүгүн бекемдөө, мугалимдер арасындагы достук мамилени чыңдоо, бекемдөө, ынтымакка жана бирмдикке чакыруу максатында “Мыкты устат шакирт-2020” аттуу кароо-сынак өткөрүлдү.

Кароо-сынак насаатчы мугалим менен жаш адистин педагогикалык жана психологиялык жүзү, иш аракеттери, өзүн алып жүрүүсү жана ар кандай абалдарда өзүн кармай билүүсү, ар кандай кырдаалдан чыга билүүсү сыяктуу мугалимдик такт, жесттерге жаш адистерди даярдоого багытталган 6 шарттан туруп өтө кызыктуу болуп, конкурсанттар активдүүлүгүн көрсөтө алышты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, баштапкы профсоюз тарабынан даярдалган чакан белектер менен сыйланышты.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева