Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Акылдуу мектеп- келечектин мектеби

Жалал- Абад облусунун Кара- Көл  шаардык билим берүү бөлүмү жергиликтүү бийлик, жергиликтүү депутаттар  менен кызматташып, “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагында 6 жалпы билим берүүчү орто мектепти, 2 башталгыч мектепти, 3 мектепке чейинки билим берүү мекемесин интернет тармагы менен туташтырып, видеобайкоо көзөмөл орнотту. Бул иштер аткарылгандан кийин мектептер замандын агымынан калбай “Акылдуу мектеп” долбоорун ишке ашырып жатышат.  Анын алкагында мугалим- адистер муну учурдун талабы экендигин белгилешип,  компьютердик  маалымат техникаларын өз каражаттарынын эсебинен сатып алып жатышат. Мында, “Электрондук мектеп”, “Электрондук мугалим”, “Электрондук окуучу”, “Электрондук ата- эне”  катышкан “Электрондук чөйрө” түзүлөт . Ар бир катышуучунун милдеттери белгиленген. “Электрондук мектепте” электрондук журнал түзүлүп, окуучуларга коюлган баалар,  отчеттор, каттар алмашуу, окуу программалары ж.б. иш кагаздар электрондук форматта жүргүзүлөт деп жатабыз. “Электрондук окуучу” электрондук күндөлүк жана электрондук тапшырмаларды аткарууга катышышат. “Электрондук мугалим”  - санарип мугалим катары компетенттүү болуш үчүн мугалимдер компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу максатында шаарыбызда жаңыдан ачылган “Элдердин достугу” окутуу борборунан окуп жатышат.

 ШБББнүн алдындагы окуу- усулдук кабинет, шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук комитети тарабынан мугалимдерге усулдук жактан жардам берүү максатында 2019-жылы   “Методист” сайты түзүлгөн. Сайт менен иштөөнүн жобосу коллегияда кабыл алынып, шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу  билим берүү мекемелеринде мугалимдерди, тарбиячыларды мектеп, шаар масштабында баарын бириктирип, алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу иштерин алып барат.  Сайттын “Биздин иш- аракеттер” бөлүмүндө камтылган беттер:

  1. Профсоюз жардам берет
  2. Сабактардын иштелмелери;
  • Энелер мектеби;
  • Насаатчылар мектеби;
  • Жаш мугалимдер мектеби.

Жогорудагы багыттар боюнча  сайттын беттерине иш- чара, методикалык семинарлар, ачык сабак, лекция, докладдар   коюлуп   тажрыйба алмашуу, катташуу уюштурулуп жатат.

Ал эми окуу- усулдук кабинети акыркы учурда он-лайн курстарды уюштуруу планы түзүлдү.

Ата- энелер балдарын үйүндө отуруп, телефонунан балдарын көзөмөлдөй алат. Анын аркасында окуучулардын сабакка баруусу жана жетишкендиктерин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

“Акылдуу мектеп” долбоору мектептерде:

Кара-Көл шаарындагы Шопоков атындагы №4  жалпы орто билим берүү мектеби 2018-жылы “Акылдуу мектеп” долбоору боюнча  окуучуларга электрондук билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында, окуу процессине маалыматтык технологияларды киргизүүнүн негизинде электрондук китепканага пилоттук мектеп катары тандалып алынып, август айында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан техникалык жабдуулар менен камсыз болгон. Мектептин китепканасы 20 компьютер комплект ( 20 компьютердик стол, 20 жумшак стул), 4 ноутбук, 4 проектор,    1 экран менен камсыз болду.

“Акылдуу мектеп” долбоорун ишке ашыруу максатында мектептин мугалимдери өз каражаттары менен 90%  ноутбуктар менен камсыз болду. Мектепке 2019-жылдын 12-декабрында “Акылдуу мектеп” долбоорунун Edupage системасы киргизилип, мугалимдер окутулду. 2020-жылдын февраль айынан баштап, ата-энелерге логин паролдор берилип, системага уланышты. Ата-энелер азыркы учурда балдарынын баасын, сабакка катышуусун жана тапшырмаларын көрүп жатышат.

Мугалимдер үчүн сабактарда кошумча материал катары электрондук окутуу ресурстарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк ачылды. Окутуу ресурстары 7 сабак боюнча орус жана кыргыз тилдеринде иштелип чыккан. Окутуу комплексине интернет жеткиликтүү жана мектепте www.ibilim.kg. дареги менен мугалимдер кирип колдонууда. Башталгыч класстын окуучулары көрсөтмөлүү жана көркөмдөлгөн материалдарды жакшы кабыл алгандыктан сүрөттүү жана мультимедиалык материалдар көбүрөөк чагылдырылган. Мугалимдер оюн түрүндөгү материалдарды, балдардын аң-сезимин өркүндөтүүчү жана окуучулардын көрүү менен угуусун, сезип-туюуу жана элестөөсүн өркүндөтүүчү материалдарды колдонушуп, сабактарды өтүшөт.

Салттуу жана инновациялык методдорду айкалыштыруу менен мугалим өз сабагын таанып-билүүгө багытталган, натыйжалуу, өркүндөтүүчү нагыз сабакка айландыра алат. Электрондук материалдарды жаңы темаларды түшүндүрүү үчүн пайдаланууга болот, окуучулар интерактивдүү тесттерди аткаруу аркылуу мурда алган билимдерин бекемдей алышат, кеп байлыгын өстүрүү максатында аудио-ресурстарды угуу жана тексттерди окуу менен жалпы ой жүгүртүүсүн кеңейтүү үчүн колдонууга болот.

Электрондук жана мультимедиалык ресурстар мугалимди, окуу китебин алмаштыра албайт, бирок алар жаңы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ача алышат. IBilim.kg мультимедиалык комплексиндеги билим берүүчү электрондук ресурстарды колдонуу  аркылуу мугалим өз сабагынын мазмунун тереңдетет жана кызыктуу сабакка айланта алат.

Мугалимдер үчүн интерактивдүү тесттердин үлгүсү иштелип чыккан, алардын жардамы аркылуу  тесттерди жана машыгуу-көнүгүүлөрдү түзүп, колдонушса болот.      

 “Билим булагы”- бул математика, физика, химия, биология, география, тарых, кыргыз адабияты англис тил боюнча КРнын билим берүү уюмдарынын 5-9-класстарынын билим берүү стандарттарынын чегинде окуу материалдарынын мультимедиалык комплекси. “Билим булагы”- мектеп билимин турмушка жакындатат. “Билим булагы”- мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер үчүн дайыма ачык.

Мектептин өзүнүн жеке сайты түзүлгөн. Жалпы мектепте жүрүп жаткан иш-чараларды, жетишкендиктерди, жаңылыктарды жана конкурстарды официалдуу түрдө жалпы колдонуучуларга жарыя кылуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн.

Токтогул атындагы №1мектеп-гимназиясында азыркы мезгилде 68 мугалим эмгектенүүдө. Алар 1961 окуучуга заманбап билим берүү үчүн ар тараптан изденип, мезгилдин талабынан артта калбай билим берүүнүн үстүндө талыкпастан иштеп келишет.

Президентибиз С.Ш.Жээнбековдун  “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, балдарга колдоо көрсөтүү жылы “деген  жарлыгынын негизинде мектепте бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. 2019-жылдан бери жергиликтүү администрация, кеңеш колдоп, мектепке 27  видеокөзөмөл орнотулган жана интернет менен үзгүлтүксүз туташтырылган..

Мугалимдердин 80%ы өз каражаттарынын эсебинен  ноутбук, аудиоаппараттар менен камсыз болушуп, маалыматтык компьютердик технологияларды сабакта колдонуу компетенттүүлүгүнө ээ.

Сабакты сапаттуу жана кызыктуу, жеткиликтүү өтүү, окуучулардын сабакка кызыгуусун арттыруу үчүн компьютердик технологияларды маалыматты башкаруу каражаты катары колдонуп, интернет айдыңында  окуучулар  менен бирге эркин иштөө   мүмкүнчүлүктөрү бар. Мисалы, окуучулар мугалимдер менен бирге тесттик иштерди иштөөдө, сабак өтүүдө жаңы усулдук ыкмаларды-кахут (Kahoot), пликерс (Plickers) жана жеперди (Jeopardy) колдонушат.

Ошондой эле шаардык усулдук бирикмелердин отурумдарында, класстан жана мектептен тышкаркы иш чараларды уюштурууда   биздин мектептин мугалимдери  билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу  процессине активдүү  катышышат. 2015-жылдан бери “Мультиурок” сайтына сабактарын 16 мугалим  жайгаштырып, эл аралык сертификаттарга ээ болушкан. Азыркы учурда “Акылдуу мектеп” долбоорунун алгачкы программаларын иш жүзүнө ашырып, окуучулардын, ата-энелердин маалымат базасын түзүп, мектептин жүгүрмөсүн түзүү иштери аяктады. Жогорудагы түзүлгөн шарттардын негизинде электрондук почтаны, билим берүүгө тиешелүү мумкүнчүлүктөрдү, дидактикалык материалдарды колдоно билүү менен Токтогул атындагы №1мектеп-гимназиясынын  мугалимдери  Кара-Көл шаарында ачылган “Эл достугу”  эл аралык окутуу комплексине,   он-лайн окутуу курстарына, “Санарип мугалим” конкурстарына активдүү катышуу менен өз билимдерин өркүндөтүүнүн үстүндө иштешүүдө.

Мисалы, Калпакбаев Мирлан, информатика мугалими

Калпакбаев Мирлан Калпакбаевич  информатика сабагын окуучуларга үйрөтүүдө  сабактарында замандын талабына ылайык окутуунун жаңы технологияларын колдонуп, окуучулардын бул предметке болгон кызыгууларын ойготот. Алардын билим сапатын жогорулатууга умтулуп, интернет аркылуу билим берүүдөгү дүйнөдөгү алдыңкы тажрыйбалар, жаңылыктар, усулдар менен таанышып, аларды өз сабагында колдонууга тынымсыз аракет жасап келет.

Калпакбаев Мирлан ар бир сабагына чыгармачылык менен даярданат,тынымсыз изденет. Теманы түшүндүрүүдө теманын актуалдуулугуна проблемалуу метод аркылуу суроо коюуу жолу менен  окуучулардын көңүлүн бурат жана ал тема ар бирине керектигин сездире алат.  Сабактын башында “ ББ/БК/Б- инсерт”  методу менен окуучулардын ойлорун системалаштырат. Сабактын рефлекция, релаксация учурларында демонстрация, галерея методдорун колдонуу менен  практикалык иш жасатып,  сабактын натыйжалуулугуна жетишет.        Мирлан  окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүчү маселе, табышмак, суроолорду оюн түрүндө берип, предметке, ой жүгүртүүгө кызыктырат. Буга мисал катары окуучуларды “бүткүл дүйнөлүк код саатына” катыштырып, сертификат алган окуучуларга чоң кубаныч тартуулады.

Информатика предмети боюнча илимий-методикалык  тажрыйбаларын жайылтуу максатында “Мультиурок долбоорунда” өздүк сайтын ачып, бир нече сабактарынын иштелмелерин, “YouTube”да видеоканалын ачып, электрондук видео сабактарын жайгаштырган. Андан сырткары ушул каналдын жардамы менен кыргыз тилди түшүнгөн ар бир окуучу үчүн он-лайн сабак алуу мүмкүнчүлүгүн түздү жана кесиптештерине тажрыйбасын жайылтып жатат. Бул мугалимдин чыгармачылык менен, өз кесибин, окуучуларын сүйүп иштегендигин билдирет. Өз предмети боюнча билиминин  тереңдиги, жаңы, заманбап техниканы абдан жакшы билгендиги окуучуларга предметин үйрөткөнгө, өзүнүн  кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, тажрыйбаларын жайылтууга  мүмкүндүк берет.

Кара-Көл шаарында өткөрүлгөн “2017-жылдын мыкты мугалими” кароо сынагында өзүнүн педагогикалык шык-жөндөмүн, татыктуу билимин көргөзүп, баш байгеге ээ болуу менен шаардык билим берүү  бөлүмүнүн ардак грамотасы, акчалай жана баалуу белектери менен сыйланган. Областтык турда 3 – орунга ээ болуп ал жактан да грамота менен сыланган. 2018 – жылы мугалимдердин педагогикалык окуусунда “Окуучулардын билимин онлайн тестирлөө” деген темада доклад окуп билим берүү министрлигинин грамотасына татыктуу болгон.

2019-жылдын17-20-июлунда Бишкек шаарында өткөн Кыргызстандагы информатика мугалимдеринин 2-республикалык слетуна катышып, Хакатон программасын  программалоо боюнча 3-орунга ээ болуп келген, “Эң активдүү катышуучу номинациясына ээ болгон.

Жылыга ноябрь айында  өтүүчү “Код сааты”  бүткүл дүйнөлүк он-лайн сабагына катышып,  окуучулары дайыма белекке ээ болушат.

2019-жылда уюштурулган   “Санарип мугалим ” конкурсуна катышкан, АКМО боюнча окуучулары республикалык турунда байгелүү орунга жетишип келе жаткан   математика мугалими   Эльнура Күчүкбаевна Чыналиева сөз берсек: 

Токтогул атындагы № 1 мектеп-гимназиясынын математика мугалими Чыналиева Эльнура Күчүкбаевна 2003-жылдан бери ушул мектепте эмгектенип, окуучуларга тарбия-билим берип келе жатам.    

 

Окуучуларым  билимдүү, тартиптүү,  коомдо өзүн алып жүрө алган, кандай гана шарттарда болбосун өздөрүн турмуш жолунда жакшы ийгиликтерге жете алган, башкаларды сыйлай билген инсанды тарбиялап өстүрүү менин милдетим деп билем.     

Ошондуктан ар тараптан изденүү, билимимди жогорулатып, заман талабына ылайык жаңы технологияларды, ыкмаларды колдонуп сабак өтүү,  социалдык тармактардагы  ар кандай  керектүү жаңылыктарды окуп, маалымат алып турушубуз керек. Мен колдонгон социалдык тармактардын бири “Facebook”  баракчасынан  “Ай Ти Скуул” жоопкерчилиги  тарабынан жарыяланган  “Санарип  мугалим” республикалык  сынактын жобосун  окуп чыгып, сынака катталдым.

 Сынактын негизги максаты жана милдети:  “Жаш муунду тарбиялоонун татаал жолунда талыкпай эмгектенип келе жаткан жалпы эле мугалимдерге колдоо көрсөтүү, мугалимдерди өтө тез өнүгүп келе жаткан коом менен бирге мугалимдерге да жаңы технологиялар жана ыкмаларды ыкчам үйрөнүп,аны иш жүзүнө ашырууга аракеттенип иштөөгө шыктандыруу жана санарип Кыргызстанды курууга салым кошуу”  деп жазылган. Ошондуктан бул конкурска катышып алдыга умтулууга, Кыргызстанга салым кошууга аракетим жасап келе жатам.   Кыргызстандын  ар бир  облустандагы  бул сынак боюнча  катышкан мугалимдер үчүн атайын ватсаптан группа түзүлүп, ошол группада ай сайын тапшырмалар берилип,  тапшырманын жыйынтыктары айтылып турат. Жалал-Абад областында ноябрь айында 60тан ашык мугалим катталган, тапшырма аткарбагандар группадан четтетилип турат.    Азыркы учурда январь  айында 24 мугалим бар.   Ноябрь айында  берилген тапшырма:  1) Окуучуларга жаңы технологияны колдонуп ар бир мугалим предметине  жараша  сабак өтүп, өтүлгөн сабактардан  3минуталык   видео  жана 10дон ашпаган сүрөттөрдү  “Facebook”  баракчасына жүктөө. Эң жогорку упай-5.

2) “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” китебин окуп чыгып,  “онлайн” аркылуу берилген убакыттын ичинде  суроолорго жооп берүү.

Берилен 1-тапшырма боюнча 26-ноябрь күнү 7”А” класска  “Көп мүчөнү көбөйтүүчүлөргө ажыраттуу” деген темада алгебрадан сабак өттүм. Окуучунун көз карашын,  ички дүйнөсүн кеңейтүүдө , алардын ойлоосун , пикирлөөсүн калыптандырууда математика сабагынын орду өтө чоң. Ошондуктан ар бир теманы жаңы технологияны, жаңы ыкманы колдонуу менен окуучулар “кыздар” жана “балдар”  тобу менен таймаш  сабак өтүлүп,  жыйынтыгында “Kahoot”  пайдаланып  тест алынды. “Кыздар”   тобу 1-орунга ээ болушту. Өтүлгөн сабагымды “Facebook”  баракчасына жүктөп, жыйынтыгында эң  жогорку  5упайга ээ  болдум. Дагы көптөгөн сабактарымды жүктөм турдум.

2) 2-тапшырма   “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” китебин окуп чыгып,  “онлайн” аркылуу берилген убакыттын ичинде  суроолорго жооп берип, 4упай  топтодум. Ноябрь айынын эң жогорку 2тапшырманын  упай -10 болгон. Мен 9 упай топтодум.

Ошентип декабрь айынын  биринчи тапшырмасы   мугалимдер үчүн “Финдердей окуталы” китебин  окуп чыгуу, онлайн аркылуу суроолорго жооп берүү болгон.  Мында суроолорго  жооп берип  8 упай  топтодум.  Жогорку  упай-10.

Экинчи тапшырма “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” китебин  окуучуларга,  ата –энелерге окутуп, иш чара өткөрүү. Бул китеп боюнча 7-”А” класстын 25 окуучусу баардыгы окуп чыгышты жана ата- энелер да окушту.  “Китеп-бул жан дүйнөнү дарылоочу каражат”    деген темада окуучулар үчүн ““Kahoot”, “ Тест банк”  пайдаланып  таймаш сабак өтүлүп, жыйынтыгында  эң жакшы катышкан окуучуларга  грамоталар менен сыйланды. Бул тапшырманы аткарып жыйынтыгында    9упайга ээ болдум.

Ноябрь-декабрь айынын жыйынтыгында 26 упай топтоп, Жалал-Абад областынын мугалимдеринин  арасында  эң алдыңкы упай топтоп, алдыга умтулуга аракеттимди кылып жатам. 

Декабрь айынын  тапшырмасы “Негизги 20 принцип” китебин окуп “онлайн” аркылуу суроо-жооп болду..

Бул сынака катышып, өз билимимди өркүндөтүүгө, жаңы технологияны , сайттарды “Kahoot” , “Тест банк”  “Сanbo”  “Hangoutz” ,   “ZipGraide”,    “Видеоскрайб”   “Калькулятор учителя” ж. б  уйрөндүм.  Окуучулар жана  ата-энелер менен  кантип иштеш керек экендигин.  Таланттуу жана жөндөмдүү балдар менен кандай пландарды түзүүнү, окуучларга эркиндик берип ойлорун угууну ж.б үйрөндүм.  Бирок билгенимден дагы биле элегим көп деп  дагы аракеттенем.  Сынак  2019-жылдын 11-ноябрь күнү башталган, 30-апрель күнү жыйынтыкталат.  Сынактын жеңүүчулөрүн  Стамбул шаарына жолдомо, диплом менен сыйланат.

 

Материалды даярдаган:

Каракозуева Айгуль