Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардагерлерге сый урмат

23-февраль күнү  Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан  атайын иш чара уюштурулуп, Ноокен районунун билим берүү тармагынын ардагер агайлары чакырылды.

Иш чарага Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Н.Олжобаев, Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, Ноокен райБББнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Г.Борбиевалар катышышты.

Жетекчилер келген конокторду майрамдары менен куттукташып, майрамдык  белектерди тапшырышты.

Аземдин  сыйлуу  коноктору жетекчилерге билим  берүү тармагында жүргүзүп  жаткан  иштерин дагыда өркүндөтүүдө чоң салымдарын кошуп жаткандыктарын белгилешип,ыраазычылыктарын  билдиришти.

 

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн

катчысы Б.Абдурахманова