Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУЧУ ПРЕЗИДИУМУНУН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУЧУ ПРЕЗИДИУМУНУН ОТУРУМУ  БОЛУП  ӨТТҮ

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин президиуму 2020-жылдын 5-февралында болуп өттү. Президиумга райондук комитеттин мүчөлөрү, билим жана илим кызматкерлеринин Кадамжай райондук комитеттин төрагасы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мектептердин жана балдар бакчаларынын директорлору, билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары катышышты. Президиумда биринчи маселе боюнча баяндаманы билим жана илим кызматкерлеринин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов жасады.

 13.02.2020      450       Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта республикалык «Манас Таануу» интеллектуалдык телетаймаштын райондук туру болуп өттү

Сузакта республикалык «Манас Таануу» интеллектуалдык телетаймаштын райондук туру болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы “2020-жыл региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” жөнүндөгү жарлыгынын алкагында “Манас Таануу” интеллектуалдык телетаймашына райондогу мектептер активдүү катышты. Негизги максаты болуп Кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана тилин сактоо, өнүктүрүү, руханий дөөлөттөрдү даңазалоо болду. Мыкты даярдыкта келген Б. Шамшиев, Ж. Турусбеков.

 13.02.2020      506       Кесиптик бирлик региондордо

Апам жана мен

Апам жана мен

Кыргыз Республикасында 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыялангандыгына карата Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу №9 Паяз атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде окуучулар жана ата-энелердин катышуусунда “Апам жана мен” аттуу конкурс болуп өттү. Конкурстун максаты окуучулардын, ата-энелердин мектеп менен байланышын күчөтүү жана окуучуларга алга карай максат коюп, үй бүлөдө өз ордун табуу, коомдогу ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу болуп саналат. Мына ушул багыттагы иш чараны технология мугалими Орозалиева Рахат Кочкоровна эжекенин демилгеси менен уюштурулду.

 13.02.2020      805       Кесиптик бирлик региондордо

Өмүрү өрнөк инсан

Өмүрү өрнөк инсан

Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу №9 Паяз атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде айыл өкмөт, мугалимдер жана окуучулардын катышуусунда “Өмүрү өрнөк инсан ” деген темада Кыргыз Республикасынын Филология илимдеринин доктору, профессор Эшиев Асилбек Мирзатиллаевич менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун максаты элибиздин даанышмандыгын, руханий байлыгын өнүктүрүү жана өсүп келе жаткан жаш муундарга өрнөк катары улуу инсандарды үлгү катары көрсөтүп, аларды атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымактыкка тарбиялоо, окуучулардын мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу болуп саналат. Эшиев Асилбек Мирзатиллаевич агайдын 4 эмгеги «Древний мир» «Кылымдык орто түрк жана иран-тажик поэзиясындагы интегративдик процесстер: гумандуулук идеялары», «Батыштагы байыркы түрк акындар поэзиясы». WorldCat дүйнөлүк системасынын алкагында англис тилинде АКШ университетинин китепканаларынын электрондук каталогуна катталган.

 13.02.2020      705       Кесиптик бирлик региондордо

"Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз"

Лейлек районунун Кара-Булак айылындагы "Кара-Булак" орто мектебинин 7- классынын 4 окуучусу сүрөт мугалими Марипов Абдинабинин жетекчилиги астында 2020- жылдын 7- февралында Илим жана техника олимпиадасынын облустук туруна катышып келишти. Жыйынтыгында, 7- а классынын окуучусу Муратбек уулу Алинур "Жаш ойлоп табуучу" номинациясы боюнча 1- орунду камсыздап, 12- февралда Бишкек шаарында өтүлө турган республикалык туруна жөнөп кетти. Ал эми Аман уулу Сүйүнбай "Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз" номинациясы боюнча 1- орунду ээлеп, үстүбүздөгү жылдын 21- апрелинде Жалал-Абад шаарында өтүлүүчү Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан мамлекеттеринин арасында боло турган эл аралык туруна катышууга укук алды.

 13.02.2020      449       Кесиптик бирлик региондордо

Дене тарбия мугалимдери арасында кичи-футбол оюну өткөрүлдү

Дене тарбия мугалимдери арасында кичи-футбол оюну өткөрүлдү

2020-жылдын 8-февралында Советтик армиянын Ооган жергесинен чыгарылганынын 31-жылдыгына карата курман болгон жердештерибиздин урматына арналган Нарын райондук билим берүү тармагында эмгектенген дене тарбия мугалимдери арасында кичи-футбол оюну өткөрүлдү. Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Нарын райондук комитети тарабынан уюштурулган кичи –футбол оюнуга Нарын райондук билим берүү бөлумүнүн башчысы жана Ооган согушунун областык Кеңеши төрагасы катышып,жеңүүчүлөргө байгелүү белектер жана диплом менен сыйланышты .

 12.02.2020      469       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн командасы кичи-футбол боюнча “Достук кубогуна” катышты

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн командасы кичи-футбол боюнча “Достук кубогуна” катышты

2020-жылдын 8-февраль күнү Ноокен районунун Масы айылында райондун аймагындагы мекеме-ишканалар арасында мини-футбол боюнча “Достук кубогу” аталышындагы турнир болуп өттү. Турнир Ноокен райкомунун алдындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы Т. Бакировдун демилгеси менен уюштурулуп, Ханнс Зайдель Фондунун стипендиаттары жана Ноокен райондук Жаштар Кеңеши тарабынан каржыланды. Иш чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э. Маматаев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун төрагасы К. Нышанов, Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Эшенкулов, жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери, ММК өкүлдөрү катышышты. Бул иш чаранын негизги максаты ден-соолукту бекемдөө, сергек жашоону пропагандалоо жана мекеме-ишканалардын ортосундагы достук алакаларды чыңдоо болуп саналат. Турнирде 16 мекеме-ишканалардын командалары катышты. Алардын катарында Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн командасы да активдүү катышышты. Жыйынтыгында 1-орун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн, 2-орун Айыл банкынын, 3-орунга “Кыргызнефтегаз” ААКнун командалары татыктуу болушту. “Мыкты команда” номинациясына Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын командасы, турнирде активдүү катышкандыгы үчүн Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн командалары сыйланышты. Жеңүүчүлөргө дипломдор, кубок, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Турнирди уюштурууда көмөк көрсөткөндүгү үчүн Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетине, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө, Ханнс Зайдель Фондунун стипендианты М. Токтосуновго ыраазычылык билдиребиз.

 12.02.2020      470       Кесиптик бирлик региондордо

«Жаратылыш –жан досум» аттуу акция

«Жаратылыш –жан досум» аттуу акция

Таш-Көмүр шаарына караштуу №1 Н.Островский атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде Шааркомдун Жаштар Кеңешинин төрагасы Дайырбек уулу Манас тарабынан акция уюштурулду. Бул акцияга “Академия Роста-Кербени” интелектуалдык өнүгүү борбору тарабынан “Жаратылышты коргоо жана канаттууларга кам көрүү” урааны менен башка мектептер жана шаардык ички иштер бөлумүнүн кызматкерлери, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Жаштар Кеңешинин жаштары, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн тарбиялануучулары активдүү катышышты. Ошондой эле канаттууларга арналган 10 даана уялар орнотулду.

 10.02.2020      672       Кесиптик бирлик региондордо

“Манас таануу” теле таймашы Ноокен районунда жыйынтыкталды

“Манас  таануу” теле таймашы Ноокен районунда жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 67 токтому менен бекитилген “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2018-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы менен бирге жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын арасында республикалык “Манас таануу” телетаймашын өткөрүп жатканы баарына маалым. Аталган таймаш 2020-жылдын 7-февраль күнү Ноокен районунда болуп өттү. Телетаймаштын максаты кыргыз элинин эң негизги руханий мурасы жана тарыхый байлыгы болгон Манас үчилтигин окуучулар, жаштар жана жалпы эле көрүүчүлөр арасында жайылтуу, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана тилин сактоо, өнүктүрүү, рухий дөөлөттөрдү даңазалоо, өсүп келе жаткан жаш муунду “Манас” эпосунун философиясынын негизинде жарандык атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка тарбиялоо, окуучуларга тарыхты үйрөтүү жана мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу болуп саналат. Мына бул багыттагы иш чарага биздин райондогу жайгашкан мектептерден 45 команда келип катышты. Ошондой эле иш чарага Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Юлдашвеа З.И., Атибаев Ж. жана райБББнүн башчысы Н.К.Олжобаевдер келип катышып, өздөрүнүн каалоо-тилектерин айтышып, таймашты ачып беришти. Таймашка жалпы билим берүүчү мектептердин 8-11-класстарынын окуучулары келишти. Топту жетектөөгө атайын бир мугалим дайындалып, балдарды даярдашты. Командаларга 5тен суроо берилип, жыйынтыгында эң жогорку 25 балл алган 3 команда байгелүү орундар үчүн ат салышты.

 10.02.2020      806       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде айлык акы жогорулап, “СоцПакет” долбоору ишке кирди

ОГПИде айлык акы жогорулап, “СоцПакет” долбоору ишке кирди

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун профессордук-окутуучулук курамынын жана административдик чарба кызматкерлеринин айлык акылары жогорулады. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет. Тактап айтсак кызматкерлердин буга чейинки алган акладына (бардык стимулдарынан сырткары) 65% кошумча акы кошулуп, 2020-жылдын январь айынан бериле баштаган. Окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев окутуучуларга мүмкүн болгон бардык шартты түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракеттер болуп жатканын айтат. Ректор өз сөзүндө “Институттун акча каражатын сарамжалдуу пайдалануунун, үнөмдөөнүн натыйжасында айлык акыларды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Айлык маянанын жогорулашы окуу процессиндеги түрдүү негативдүү көрүнүштөрдү алдын алып, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга шарт жаралып жатат” деп баса белгиледи.

 10.02.2020      634       Кесиптик бирлик региондордо

Город Кызыл-Кыя подвели итоги года

Город Кызыл-Кыя подвели итоги года

31 января 2020 года Кызыл-Кийский городской комитет профсоюза работников образования подвели итоги 2019 года. На расширенном заседании городского комитета были приглашены председатели профкомов школ и детских садов. С информацией об итогах 2019 года выступила председатель городского комитета Буванова М. А, отметила что, профсоюзные организации образования активно участвуют во всех проводимых мероприятиях города, области и республики. Отметила активных профсоюзных лидеров, которые участвуя, были достойны больших наград, а также утвердили перспективный план работы городского комитета на 2020 год.

 10.02.2020      527       Кесиптик бирлик региондордо