Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Областтык август кеӊешмеси өткөрүлдү

Областтык август кеӊешмеси өткөрүлдү

2014-жылдын 28-августунда Баткен шаарында билим берүү кызматкерлеринин областтык август кеӊешмеси өткөрүлдү. Бул кеӊешмеге Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Н.Казыев, Билим берүү академиясынын өкүлү Д.Султанкулов, КР нын улуттук тил комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Кулматов, КРнын Өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлүнүн орун басары С.Абдрахмановдор катышышты. Бул кеӊешмеде өткөн окуу жылындагы

 29.08.2014      1087       Кесиптик бирлик региондордо

Баткенде Август кеңешмеси болуп өттү

Баткенде Август кеңешмеси болуп өттү

Баткен шаарынын маданият үйүндө 2014-жылдын 22-августунда Баткен райондук билим берүү бөлүмү август кенешмесин өткөздү. Август кеңешмесине Баткен областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары С.К.Абдрахманов, Билим берүү академиясынын илимий кызматкери А.Нурматов , раймамадминистрациянын башчысы-аким С.Калыков, анын орун басары К.Кыдырова жана мектептердин жана балдар бакчаларынын директорлору жана мугалимдери, билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары катышышты.

 29.08.2014      1326       Кесиптик бирлик региондордо

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектеп жана мектепке чейинки мекемелерде иштеген профсоюз мүчөлөрүнүн 2014 жылкы жайкы эс алуусу

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектеп жана мектепке чейинки мекемелерде иштеген профсоюз мүчөлөрүнүн 2014 жылкы жайкы эс алуусу

Жайкы эс алууда биздин профсоюз мүчөлөрүбүз Кыргызстандын ыйык жана кооз жерлеринде эс алып жана экскурсиялашты. Атап айтсак: Манас ордо комплексине 215 . Сулайман тоого 58 . Арсланбабка 80 . Сары-Челекке 193. Кара-Суу жайлоосуна 21. Бээнин сүтү менен дарыланганга 215. Ыссык-Көлгө 37. Кайынды лагерине 40 окуучу (мугалим жана тех персоналдардын балдары) Курорт санаторияларга 6.

 29.08.2014      1289       Кесиптик бирлик региондордо

Ош облусттук мугалимдердин август кеӊешмеси

Ош  облусттук   мугалимдердин  август  кеӊешмеси

2014-жылдын 26-август күнү мугалимдердин Август кеӊешмеси болуп өттү. Жаӊы окуу жылына карата жакшы даярдыктарды жараткан Кара-Кулжа, Кара-Суу РайБББга I даражадагы Диплом жана ар бирине 15000с. акчалай сыйлык, II даражадагы «Диплом» жана 10 000с акчалай сыйлык менен Алай, Ноокат РайБББры, III даражадагы «Диплом» жана 7000 с менен Чоӊ-Алай РайБББ, ар бирине 5000 сомдон Өзгөн, Араван РайБББ, Өзгөн ШБББларга кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды.

 29.08.2014      1135       Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад облусунда Август кеӊешмеси уюшкандыкта өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунда Август кеӊешмеси уюшкандыкта өткөрүлдү

26-август күнү Барпы атындагы кыргыз театрында салтка айланып калган мугалимдердин Август кеӊешмеси уюшкандыкта өткөрүлдү. Кеӊешменин ишине Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Э.Сариева, Билим берүү жана илим министри К.Садыков, КРнын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Ж.Эгамбердиевалар катышышты.

 29.08.2014      1132       Кесиптик бирлик региондордо

Каракол шаарындагы Август кеңешмеси

  Каракол шаарындагы Август кеңешмеси

Каракол шаарындагы № 1 орто мектебинде мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү. Анда ар бир усулдук бирикме окуу пландары менен таанышып, ой-пикир, сунуштарды кабыл алуу менен “2020-жылга чейин жаштарды тарбиялоо концепциясы” негизги маселе катары каралып, окуу-тарбия иштерине камтылды.

 28.08.2014      1045       Кесиптик бирлик региондордо

Алай районундагы мугалимдердин август кеңешмеси

Алай районундагы  мугалимдердин август кеңешмеси

Кеӊешмеге КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Мадалиев Нуркамил, КРнын Өкмөтүнүн Ош областты боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б.Ю. Юсупов, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Н. Сарыбашев, билим берүү кызматкерлер профсоюзунун областтык комитетинин төрагасы С.А. Тойгонбаев катышышты.

 28.08.2014      1282       Кесиптик бирлик региондордо

Кемин районунун билим берүү мекемелеринин жаӊы окуу жылына карата даярдыгынын жыйынтыгы чыгарылды

Кемин районунун  билим  берүү  мекемелеринин   жаӊы  окуу  жылына  карата  даярдыгынын   жыйынтыгы   чыгарылды

Кемин № 2 орто мектеби район боюнча окуу жылына даярдык боюнча 1 орунга жетишип, Кемин райондук мамлекеттик администрация тарабынан 7000 сом акча каражаты менен сыйланды. Ал эми Билим кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитетинен 10000 сом акча каражаты бөлүнүп, райондогу Кара булак, Алмалуу, Кемин № 1, Ак Туз, Кызыл Байра, Орловка, № 2 Нур орто мектептерине берилди.

 26.08.2014      1087       Кесиптик бирлик региондордо

Маяктагы эс алуу

Маяктагы эс алуу

Каракол шаардык профсоюз комитети менен жергиликтүү бийликтердин биргеле- шип иштөөсүнүн натыйжасында мугалимдердин эс алуусуна жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом акча каражаты бөлүнүп, Түп районундагы “Маяк” эс алуу жайында 79 мугалим, балдары менен 3 күндүк эс алууда болуп кайтышты.

 26.08.2014      1257       Кесиптик бирлик региондордо

Өзгөн районундагы билим берүү кызматкерлеринин Август кеӊешмеси

Өзгөн районундагы билим берүү кызматкерлеринин Август кеӊешмеси

22-август күнү Өзгөн шаарында Өзгөн районундагы билим берүү кызматкерлеринин Август кеӊешмеси болуп өттү. Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети жакшы жана жаӊы саамалык баштап «Жыл мектеби-2014» жана «Жаӊы окуу жылына карата билим берүү мекемелерин сапаттуу кезектеги ремонттон өткөрүү» боюнча кароо-сынактарынын жеӊүүчүлөрү №5 В.И.Ленин жана Т.Асранов атындагы орто мектептерине «Чолпон-Ата» жана «Ала-Тоо» пансионаттарына жолдомо тапшырылды

 25.08.2014      1222       Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы окуу жылына дардык ийгиликтүү аяктады

Жаңы окуу жылына дардык ийгиликтүү аяктады

Райондун жалпы билим берүүчү мектептерин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелерин жаңы 2014-2015-окуу жылына сапаттуу даярдоо, алардын окуу-материалдык базаларын чыңдоо максатында Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы жана Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин Президиуму 2014-жылдын май айында “Билим берүү мекемелерин 2014-2015-окуу жылына сапаттуу даярдоо боюнча кароо-сынагын өткөрүү жөнүндө” токтом кабыл алган.

 25.08.2014      1121       Кесиптик бирлик региондордо