Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад облусунда Август кеӊешмеси уюшкандыкта өткөрүлдү

26-август күнү Барпы атындагы кыргыз театрында салтка айланып калган мугалимдердин Август кеӊешмеси уюшкандыкта өткөрүлдү. Ага райондук, шаардык мамлекеттик администрациялардын башчыларынын  орунбасарлары, райшаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, профсоюздун райшаардык комитеттеринин төрагалары, алдыӊкы мугалимдер жана коомчулуктун өкүлдөрү чакырылды.

 

   Кеӊешменин ишине Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Э.Сариева, Билим берүү жана илим министри К.Садыков, КРнын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Ж.Эгамбердиевалар катышышты.

 

    Э.Сариева, К.Садыковдор 2014-2015-окуу жылын уюшкандыкта баштоо боюнча Өкмөт жана министрлик тарабынан жүргүзүлгөн иштер жөнүндө кеӊешменин катышуучуларына кеӊири маалымат беришти. Түшкөн суроолорго жооп беришти.

 

     Жалал-Абад облустук билим берүүнүн усулдук борборунун директору А.Токтосуновдун 2013-2014-окуу жылынын жыйынтыктары, жаӊы окуу жылына карата милдеттери жөнүндөгү баяндамасынан кийин жарыш сөзгө чыккандар өз ойлорун ортого салышты. 2013-2014-окуу жылынын жеӊүүчүлөрү сыйланды.

 

 

     Жарыш сөзгө чыккан билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы К.Мурзакматов билим берүү жана илим кызматкерелерин жаӊы окуу жылы менен куттуктады.

 

     Ошону менен бирге, ал мугалимдердин айлык акыларды жогорулатуу жөнүндөгү талаптарын КРнын вице-премьер министри Э.Сариевага, КРнын билим жана илим министри К.Садыковго тапшырды.

    Кеӊешмеде облустун билим берүү кызматкерлерине жана коомчулукка кайрылуу кабыл алынды.

 

                                                   Обкомдун уюштуруу бөлүмү.