Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өзгөн районундагы билим берүү кызматкерлеринин Август кеӊешмеси

22-август күнү Өзгөн шаарында Өзгөн районундагы билим берүү кызматкерлеринин Август кеӊешмеси жогорку денгээлде өттү.

Кеӊешмеге райондун бардык аймактарынан ардагер жана чыгармачыл мугалимдер чакырылып, алгачкы педагогикалык эмгек жолун баштап жаткан жаш мугалимдерге  «Ак жол» каалашты.

 

Кеӊешмеде өткөн окуу жылында билим берүү мекемелериндеги жаратылган  ийгиликтер белгиленип, жаӊы 2014-2015-окуу жылында аткарыла турган милдеттер талкууланды. Кеӊешменин катышуучуларын К.Раимбеков атындагы мектеп - гимназиянын жаш өспүрүмдөр уюмунун мүчөлөрү кызуу куттуктады.

 

Ошондой эле Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети жакшы жана жаӊы саамалык баштап «Жыл мектеби-2014» жана «Жаӊы окуу жылына карата билим берүү мекемелерин сапаттуу кезектеги ремонттон өткөрүү» боюнча кароо-сынактарынын жеӊүүчүлөрү №5 В.И.Ленин жана Т.Асранов атындагы орто мектептерине «Чолпон-Ата» жана «Ала-Тоо» пансионаттарына жолдомо тапшырып, мектеп жааматтарын  кубанычка бөлөдү.

 

Өзгөн  районунун  билим  берүү  кызматкерлеринин   август  кеӊешмесине   Кыргыз  Республикасынын  Жогорку   Кеӊешинин   Билим  берүү,  илим,   маданият   жана  спорт  комитетинин    төрагасы   К.  Осмоналиев   катышып,  райондун   педагогикалык   жамааттарын   31-август   Эгемендүүлүк   күнү   жана   1-сентябрь  Билим   күнү   майрамы   менен  куттуктап,   иштерине   ийгиликтерди   каалады.

 

 

 

 

          Өзгөн РПКнын 

           төрагасы                                             И.Мырзамидинов