Маяктагы эс алуу
Каракол шаардык профсоюз комитети менен жергиликтүү бийликтердин биргеле-
шип иштөөсүнүн натыйжасында мугалимдердин эс алуусуна жергиликтүү бюджеттен
100 миң сом акча каражаты бөлүнүп, Түп районундагы “Маяк” эс алуу жайында 79 мугалим, балдары менен 3 күндүк эс алууда болуп кайтышты.
Эс алуу жайынын директору Дербишев Казак Алиевич баш болгон кызматкерлер алдын-ала даярдыктарды көрүп, мугалимдерди жылуу тосуп алышты.Аба-ырайы да көңүлдөгүдөй болду. Көл жээгиндеги мындай эс алууга мугалимдер абдан ыраазы болушуп , уюштуруучуларга алкыш айтышты.
Каракол шаардык профсоюз
комитетинин төрайымы Касмалиева Ж.У.