Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Каракол шаарындагы Август кеңешмеси

 

Каракол шаарындагы № 1 орто мектебинде  мугалимдердин  август  кеңешмеси болуп өттү. Анда ар бир усулдук бирикме окуу пландары менен таанышып, ой-пикир, сунуштарды кабыл алуу менен “2020-жылга чейин жаштарды тарбиялоо концепциясы” негизги маселе катары каралып,  окуу-тарбия иштерине камтылды.

 

    Кеңешменин  2-бөлүгү аталган мектептин жыйындар залында болду. Билим берүү бөлүмүнүн башчысы В.С. Апышева өткөн окуу жылынын жыйынтыктары, жетишкендиктери менен жаңы окуу жылына  болгон даярдыктар жөнүндө сөз сүйлөдү.Мугалимдер шаардык  профсоюз  комитети тарабынан аткарылып жаткан иштер, мугалимдердин   жайкы эс алуусу боюнча  да  кеңири маалымака ээ болушту. 3-бөлүк  алдыңкы деп аталган мектеп директорлоруна  БББнүн  “Ардак грамоталарын  тапшыруу жана куттуктоо концерти менен аяктады.   

 

Билим берүү кызматкерлеринин Каракол шаардык

 профсоюз комитетинин төрайымы:     Касмалиева Ж.У.