Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Профсоюз в регионах

Жаңы окуу жылына дардык ийгиликтүү аяктады

 

Райондун жалпы билим берүүчү мектептерин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелерин жаңы 2014-2015-окуу жылына сапаттуу даярдоо, алардын окуу-материалдык базаларын чыңдоо максатында Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы жана Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин Президиуму 2014-жылдын май айында  “Билим берүү мекемелерин 2014-2015-окуу жылына сапаттуу даярдоо боюнча кароо-сынагын өткөрүү жөнүндө”  токтом кабыл алган. Кароо-сынакка баалоонун критерийлери иштелип чыгып, Райондук мамлекттик администрациясынын башчысы - акимдин орун басары К.Кыдырова жетектеген комиссиялык топко тапшырылган.

Кароо-сынактын жыйынтыгын чыгаруунун этабы айыл өкмөттөрүндө 2014-жылдын 10-15- июлунда, райондук масштабда 2014-жылдын 20-30 - июлунда өткөрүлгөн. Райондук кароо-сынакта айыл округдарында өткөрүлгөн  этабынын жыйынтыктарын негизинде жеӊүүчү деп табылган мектептерди карап чыгып комиссия алдыңкыларды аныктады.

Жакшы көрсөткүчтүргө ээ болгон педагогикалык жамааттар кароо-сынактын жеӊүүчүсү деп табылган мектептер, мектепке чейинки билим берүү мекемелери   акчалай сыйлыктар жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланды.

 

а) Типтүү мектептер арасында:

1. Т.Садыков атындагы орто мектеби                       - I  орун – 6000 миӊ сом,  I даражадагы диплом

2. Бужун  орто мектеби                                                  - II орун – 4500 миӊ сом,  II даражадагы диплом

3. Б.Нарматов атындагы орто мектеби                     - III орун – 4000 миӊ сом,  III даражадагы диплом

 

б) Ыӊгайлаштырылган мектептер арасында:

1. Газ орто мектеби                                                         - I  орун – 5000 миӊ сом,  I даражадагы диплом

2. К.Турмаматов атындагы орто мектеби                                - II орун – 4000 миӊ сом,  II даражадагы диплом

3.  Б.Нуралиев атындагы орто мектеби                    - III орун – 3000 миӊ сом,  III даражадагы диплом

 

в) Башталгыч мектептер арасында:

1.  Чоӊ-Кара башталгыч мектеби                               - I  орун – 6000 миӊ сом,  I даражадагы диплом

2. Тунук-Суу башталгыч мектеби                              - II орун – 3000 миӊ сом,  II даражадагы диплом

3. Айгүл-Таш башталгыч мектеби                             - III орун – 2000 миӊ сом,  III даражадагы диплом

 

Кароо-сынактын жыйынтыгы боюнча бардык номинациялар боюнча I жана II орундарды ээлеген мектептерди сыйлоо үчүн каражат райондук билим берүү бөлүмүнүн, III орундарды ээлеген мектептерди сыйлоо үчүн каражат райондук кесиптик бирлик комитетинин эсебинен сарпталды.

Жаӊы 2014-2015-окуу жылына мектепти сапаттуу даярдоодо мыкты аракеттерди жасап, жакшы ийгиликтерди жаратышкандыгы үчүн төмөнкү мектептердин педагогикалык жамааттарына алкыш айтылды:

 

 

М.Салихов атындагы орто мектеп

Б.Акматов атындагы орто мектеп

Ш.Токсонов атындагы орто мектеп

Кара-Токой гимназия мектеби    

Токтогул атындагы орто мектеп

М.Кадыр атындагы орто мектеп

А.Топчуев атындагы орто мектеп

З.Ормонов атындагы орто мектеп 

Б.Байназаров атындагы башталгыч мектеби

Жаңы-Жер башталгыч мектеби

 

 

 

 

Билим берүү  кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин  Баткен

райондук комитетинин  адиси                                                               Б.Абдыразакова