Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Областтык август кеӊешмеси өткөрүлдү

 

2014-жылдын 28-августунда  Баткен шаарында билим берүү кызматкерлеринин областтык август кеӊешмеси өткөрүлдү. Бул кеӊешмеге Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Н.Казыев, Билим берүү академиясынын  өкүлү Д.Султанкулов, КР нын улуттук тил комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Кулматов, КРнын Өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлүнүн орун басары С.Абдрахмановдор катышышты.

Бул кеӊешмеде өткөн окуу жылындагы жетишкендиктер, алдыдагы милдеттер жөнүндө Баткен областынын билим берүү усулдук борборунун директору М.Айжигигитова доклад жасады. Жарыш сөзго чыккан Баткен шааардык профсоюз комитетинин төрайымы М.Калыкова мугалимдердин эмгек акыларынын аз экендигин баса белгилеп көйгөйлөр жөнүндө айтып сунуштарды берди. Кеӊешменин жыйынтыгында резолюзиция кабыл алынып тиешелүү органдарга жеткирмей болду.

 

 

 Областтык профсоюз комитетинин

 уюштуруу иштери боюнча адиси                                   К.Акимов