Кемин районунун билим берүү мекемелеринин жаӊы окуу жылына карата даярдыгынын жыйынтыгы чыгарылды
Кемин № 2 орто мектеби район боюнча окуу жылына даярдык боюнча 1 орунга жетишип, Кемин райондук мамлекеттик администрация тарабынан 7000 сом акча каражаты менен сыйланды. Ал эми Билим кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитетинен 10000 сом акча каражаты бөлүнүп, райондогу Кара булак, Алмалуу, Кемин № 1, Ак Туз, Кызыл Байра, Орловка, № 2 Нур орто мектептерине берилди.