Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош облусттук мугалимдердин август кеӊешмеси

 

2014-жылдын  26-август күнү  мугалимдердин  Август  кеӊешмеси болуп өттү. Конференцияга   Жогорку  Кеӊештин вице-спикери  Б. Мамырова, билим берүү, маданият жана  спорт  комитетинин  төрагасы К. Осмоналиев, КР Өкмөтүнүн областтык ыйгарым укуктуу өкүлү  С,Жээнбеков, Билим берүү, илим  министрлигинин  бөлүм башчысы  А. Жолдошов, Билим берүү  академиясынын жооптуу кызматкери  Д.Бабаевдер катышышты.

         Кеӊешмеде Ош билим берүү институтунун  директору А.Муратов баяндама жасады.

Жарыш сөзгө чыккандар баяндаманы талкууга алышты жана  өздөрүнүн ойлорун ортого салышты.  Мугалимдер  тарабынан  Жогорку Кеӊештин депутаттарына  жазуу жүзүндө мугалимдердин социалдык абалы, эмгек маяналары  жөнүндө  суроолор берилди. С.Жээнбеков окуучулардын  билим сапатын жогорулатуу,окуучуларды  олимпиадага  карата  даярдоо жана анын жыйынтыгында алдыӊкы орундарга жетишүү жөнүндө, бир топ  талаптар коюла тургандыгын айтты.

КР Өкмөтүнүн өкүлчүлүгүнүн атынан билим берүү кызматкерлерине  ардак грамоталарды, дипломдорду  жана балуу  белектерди  тапшырды.

Областтык профсоюз  комитетинин  төрагасы С.Тойгонбаев  кеӊешменин  катышуучуларын куттуктап, жаӊы окуу  жылына карата  жакшы даярдыктарды жараткан Кара-Кулжа, Кара-Суу РайБББга  I даражадагы  Диплом  жана  ар бирине  15000с. акчалай сыйлык, II даражадагы «Диплом»  жана 10 000с акчалай сыйлык менен Алай, Ноокат РайБББры,  III   даражадагы   «Диплом»  жана 7000 с менен  Чоӊ-Алай  РайБББ, ар бирине 5000 сомдон Өзгөн, Араван РайБББ, Өзгөн ШБББларга кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды. Областтык  мугалимдердин август  кеӊешмеси жогорку  деӊгээлде  өттү.

 

Ош областтык  профсоюз комитети.