Маалымат каражаттары – профсоюз ишмердүүлүгүнүн күзгүсү
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 6-съездинин жана кезектеги Пленумдарынын токтомдорунда профсоюздук ишмердүүлүктү чагылтырууну жакшыртуу максатында массалык маалымат каражаттары менен тыгыз иштоону тармактык обкомдорго, райшаардык комитеттерге жана баштапкы уюмдарга милдеттендирилген.
22.03.2019 701 Кесиптик бирлик региондордоКут толгон Нооруз майрамы!
Кыргыз эли байыртадан Нооруз майрамын чоң шаан-шөкөт менен майрамдашып келген. Бул кунү кыргыздар арча түтөтушүп, үй ичин, короолорун ар кандай жаман нерселерден аластап тазалашкан. Ошондой эле адамдар бири-бирине жакшы каалоолорун айтышып, белектерди тартуулашкан. Таарынышып жүргондөр болсо ушу күнү бири-бирин кечиришип, жакшы ой-тилектерин арнашкан. Бул майрам бир гана Кыргызстанда эмес Орто Азияда жана Чыгышта бир нече мамлекеттерде белгилешет. Күн менен түн теңелген күн ыйык деп эсептелинип, жаңы жылдын келишин билдирген.
22.03.2019 967 Кесиптик бирлик региондордо“Америкалык ырлар 2019 конкурсунун” жарым финалы болу өттү
2019-жылдын 17-мартында Кадамжай шаарынын маданият сарайында “Америкалык ырлар 2019 конкурсунун” жарым финалы болуп өттү. Конкурска Кадамжай районунун 18 мектебинен окуучулары АКШ ырчыларынын, музыканттарынын жана композиторлорунун ырларын аткрышты. Он конкурсант финалдык турга тандалып алынды. Жюрилер курамы төмөнкүлөр К.Галмаматова Райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти. Жон Амос Поликарпе “Чек арасыз докторлор” Эл аралык уюмунун доктору. Г.Кадырова “Кыргыз Республикасындагы мектептерди жакшыртууга коомчулукту тартуу” проектисинин консультанты. Финалдык турга тандалып алынган 10 конкурсант окуучуларга райкомпрофсоюз тарабынан белек берилди.
22.03.2019 527 Кесиптик бирлик региондордоСузакта илимий конференция болуп өттү
Сузак райондук билим берүү бөлүмүндө 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата “Өлкөнү санариптештирүүдө, билим берүү системасынын өнүктүрүү иш аракеттеринин сапатын жогорулатууда аялдардын ролу” аттуу илимий конференция болуп өттү. Илимий конференцияга Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э.А.Омошев, акимдин орун басары Абибова Л.С. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сариев С.К. жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Д.Орозалиевдер катышып, айымдардын майрамы менен куттуктап, жакшы каалоо тилектерин билдиришти.
22.03.2019 560 Кесиптик бирлик региондордоСузак районундагы мектептерде Нооруз майрамы өткөрүлүүдө
Сузак районуна караштуу жалпы билим берүүчү мектептерде “2019-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында” Нооруз майрамына карата иш-чаралар өткөрүлүүдө. Мектептерде өткөрүлүп жаткан иш-чараларда улуттук маданияттын баалуулуктарын чагылдырган элдик каада-салттар окуучулардын жана мугалимдердин аткаруучулук чеберчилиги менен көрсөтүлүп, сахналаштырылган көрүнүштөр, ыр-бийлер болду. Ошондой эле улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, алардын жасалышы кеңири айтылды.
22.03.2019 740 Кесиптик бирлик региондордоЖ.Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбия комплексинде ачык эшиктер күнү болуп өттү
2019-жылдын 18-март күнү Сузак районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу тарбия комплексинде “2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата ачык-эшиктер күнү болуп өттү. Иш чарада кыргыз тили, англис тили жана башталгыч класстардын ачык сабактары интерактивдүү усулдарды колдонуу менен өтүлдү.
22.03.2019 591 Кесиптик бирлик региондордоСузакта “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата райондук семинар өткөрүлдү
Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин демилгеси боюнча “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары” республикалык тармактык кароо-сынагына катышууга карата райондогу профсоюздун баштапкы уюмдарынын төрага (төрайымдары)лары үчүн райондук семинар өткөрүлдү.
22.03.2019 600 Кесиптик бирлик региондордоБАТКЕН ШААРЫНДА “ЖАШ МУГАЛИМДЕР” МЕКТЕБИ ТҮЗҮЛДҮ
“Жаш мугалимдер” мектеби 2019-жылдын 28-февралында алгачкы “Мугалим мектеп жүрөгү” аттуу иш чарасын өткөрүп, ага Баткен шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.А.Ааламбекович шаардагы мектеп жетекчилери жана жаш мугалимдер катышты. Өз сөзүндө Абдилла Ааламбекович жаш мугалимдерди колдоо аларга шык берүү зарылдыгын белгилеп, “Жаш мугалимдер” мектебине ийгилик каалады.Ошондой эле шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Мактым Калыкова жаш мугалимдерди ишмердигин колдоо максатында биргеликте тыгыз кызматташуу чечими кабыл алынды.
22.03.2019 858 Кесиптик бирлик региондордоНоокен районунан 3 окуучу республикалык предметтик олимпиадага катышат
2019-жылдын 12-13-март күндөрү Жалал-Абад облусундагы Курманбек баатыр атындагы лицейинин базасында предметтик олимпиаданын облустук этабы болуп өттү. Олимпиадага облустун аймагындагы райшаарлардан окуучулар катышышты. Ноокен районунан 34 окуучу катышып, 6 окуучу байгелүү орундарга ээ болушту. Олимпиадада бул окуучулардын бирөө 1-орунду, экөө 2-орунду, үч окуучу 3-орунду алышты.
19.03.2019 680 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районуна караштуу “Хамза” орто мектебинде “Социалдык адилеттүүлүк ” айлыгына карата өткөрүлгөн иш-чаралары
2019-жылдын 5-7-март күндөрү 9-11класстардын окуучулары “Сен жетим эмессиң” деген темада дил баян жазышып, окуучулар дил баяндарында жалгыз кароосуз калган, жетим жана жарым жетим балдар жөнүндө өз пикирлерин жана көз караштарын кеңири баяндашкан.Окуучулардын көпчүлүгү мындай балдарга жашоодо кыйын экенин жазышкан. Бул иш-чараны өткөрүүдө социалдык педагог, кыргыз тили жана адабияты предметинин мугалимдери жетекчилик кылышты.
19.03.2019 556 Кесиптик бирлик региондордо«Жылдын мыкты мугалими – 2019»
Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде Кыргыз Республикасынын 2012-2020-жылдарга карата билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында көрсөтүлгөндөй жана андагы коюлган милдеттерди аткаруу алкагында, жалпы билим берүүчү уюмдардын эмгек жамааттарында чыгармачылык менен изденип, эмгектенген жана билим берүүнү өнүктүрүүгө сапаттуу салым кошкон мугалимдерди аныктап, алардын иш тажрыйбасын жайылтып, аларга колдоо көрсөтүү максатында Сузак районунун айыл аймактарында “Жылдын мыкты мугалими – 2019” кароо сынагы болуп өттү.
19.03.2019 867 Кесиптик бирлик региондордо