Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕН ШААРЫНДА “ЖАШ МУГАЛИМДЕР” МЕКТЕБИ ТҮЗҮЛДҮ

Баткен шаардык билим берүү башкармалыгынын алдында   "Жаш мугалимдер"  мектеби ачылды. Ага шаардагы билим берүү мекемелеринен 40  жаш мугалим мүчө болду, «Жаш мугалимдер» мектебинин шаардык жетекчиси  Фуркат Авлиёев жана жардамчысы болуп Мансур Гапаров  бектилди.

“Жаш мугалимдер” мектеби 2019-жылдын  28-февралында алгачкы “Мугалим мектеп жүрөгү” аттуу иш чарасын өткөрүп, ага Баткен шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.А.Ааламбекович шаардагы мектеп жетекчилери жана жаш мугалимдер катышты. Өз сөзүндө Абдилла Ааламбекович жаш мугалимдерди колдоо аларга шык берүү зарылдыгын белгилеп, “Жаш мугалимдер” мектебине ийгилик каалады.Ошондой эле шаардык профсоюз комитетинин  төрайымы  Мактым  Калыкова жаш мугалимдерди ишмердигин колдоо максатында биргеликте тыгыз кызматташуу чечими кабыл алынды.

"Жаш мугалимдер" мектебин уюштуруу менен мугалимдердин кесиптик билимин тереңдетүүгө, педагогикалык билимин өркүндөтүүгө, окутуунун усулдарын колдонуу эрежелерин, технологияларын үйрөтүү жана бири-бири менен тажрыйба алмашууга багыт берүү колго алынат», - деди Жаш мугалимдер мектебинин жетекчиси  Фуркат Авлиёев.

 

Материалды даярдаган:

Фуркат Авлиёев