Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кут толгон Нооруз майрамы!

Кыргыз эли байыртадан Нооруз майрамын чоң шаан-шөкөт менен майрамдашып келген. Бул кунү кыргыздар арча түтөтушүп, үй ичин, короолорун ар кандай жаман нерселерден аластап тазалашкан. Ошондой эле адамдар бири-бирине жакшы каалоолорун айтышып, белектерди тартуулашкан. Таарынышып жүргондөр болсо ушу күнү бири-бирин кечиришип, жакшы ой-тилектерин арнашкан.

Бул майрам бир гана Кыргызстанда эмес Орто Азияда жана Чыгышта бир нече мамлекеттерде белгилешет. Күн менен түн теңелген күн ыйык деп эсептелинип, жаңы жылдын келишин билдирген. Майрамды жогорку деңгээлде белгилегендердин бири Шамалды-сай шаарчасында жайгашкан №8 М.В.Фрунзе атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин көп улуттуу жамааты болду. Жалпы жамаат мектеп алдында майрамдык дасторкон даярдашып, ар кандай улуттук даамдарды тартуулоо менен улуттар арасындагы достукту даңазалай алышты.

Ал эми шаарыбыздагы мектептер тарбиялык саатарды өткөрүшүп, улуттук оюндарды, тамактардын жарманкеси жана улуттук оюндарды көрсөтө алышты. Шаарыбыздын башкы спорт аянтчасында театрлаштырылган оюндар көрсөтүлүп, улуттук кийим кийген  улан-кыздар майрамдын көркүн ачышты.

 

Даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева