Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты мугалими – 2019»

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде Кыргыз Республикасынын 2012-2020-жылдарга карата билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында көрсөтүлгөндөй жана андагы коюлган милдеттерди аткаруу алкагында, жалпы билим берүүчү уюмдардын эмгек жамааттарында чыгармачылык менен изденип, эмгектенген жана билим берүүнү өнүктүрүүгө сапаттуу салым кошкон мугалимдерди аныктап, алардын иш тажрыйбасын жайылтып, аларга колдоо көрсөтүү максатында Сузак районунун айыл аймактарында “Жылдын мыкты мугалими – 2019” кароо сынагы болуп өттү.

Атайын Жобонун негизинде кароо сынактын катышуучулары биринчи тапшырма боюнча өзүн-өзү тааныштыруу, экинчи тапшырмада ачык сабактар жана предметтик тесттерди тапшырышты. Аймактык кароо-сынактар жыйынтыкталып, райондук турга татыктуу мугалимдер тандалып алынды.

 

 

 

Профсоюздун Сузак райкомунун

 басма сөз катчысы: З.Киргизбаев