Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районуна караштуу “Хамза” орто мектебинде “Социалдык адилеттүүлүк ” айлыгына карата өткөрүлгөн иш-чаралары

2019-жылдын 5-7-март күндөрү 9-11класстардын  окуучулары  “Сен жетим эмессиң” деген темада дил баян жазышып, окуучулар дил баяндарында жалгыз кароосуз калган, жетим  жана  жарым жетим балдар жөнүндө өз пикирлерин жана көз караштарын кеңири баяндашкан.Окуучулардын көпчүлүгү  мындай балдарга  жашоодо кыйын экенин  жазышкан. Бул иш-чараны өткөрүүдө социалдык педагог,  кыргыз тили жана адабияты предметинин  мугалимдери жетекчилик  кылышты.

11-март күнү мектепте 10-11 класстагы жарым жетим жана  социалдык  жетим  окуучулар арасында  волейбол оюну  өткөрүлдү. 8-9 класстардын  окуучулары күйөрмандык  кылышып, мелдеште дене тарбия мугалими А.Султонхужаев  судьялык  кылды. Волейбол  оюну натыйжасында  достук жеңип  чыккан.

12-март күнү үйдө инклюзивдик  билим алып жаткан 4-б класстын  окуучусу С.Ахуналиевтин үйүнө мектептин социалдык педагог Н.Турдубаева, анын эжейи Д.Турдубаева, БУУнун Баткен шаарындагы  филиалынын кызматкери Сарвар Турдубаев  жана пенсиядагы  эжей С.Холматовалар барышып, С.Турдубаев С.Ахуналиевге компьютер белегин тапшырды.С.Ахуналиев  жана  анын энеси З.Ахуналиевалар абдан  сүйүнүшүп, толкунданганынан анын  энеси көзүнө  жаш алып, чоң  ыраазычылык билдирди.

13-15 март  күндөрү 5-8 класстарда  “Социалдык адилеттүүлүк” айылыгына карата тарбиялык  сааттар  өтүлүп, окуучулар адилеттүүлүккө, боорукерликке, мээримдүүлүккө тарбияланышты. Тарбиялык сааттар директордун  тарбиялык  иштер боюнча  орунбасары Н.Худайбердиева  жана социалдык педагог Н.Турдубаевалардын   жетекчилиги астында  өткөрүлдү.

18-март күнү 1-4 класстарда “Кайдыгер болбо” темасында сүрөт тартуу  боюнча  конкурс   уюштурулуп, окуучулар ар кандай сүрөттөрдү  тартканга  аракет  кылышты. Ошолордун  арасынан эң мыктысы тандалып алынып, 1-орунду  4-б классынын  окуучусу  С.Якубова  ээледи.

Ушул сыяктуу иш чаралар ар бир билим берүү мекемесинде өткөрүлсө өлкөбүздө социалдык адилеттүүлүктүн орношуна чоң салымын кошот деген ишенич бар.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева