Заманбап билим келечекке бекем пайдубал болот
“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата Тогуз-Торо районундагы №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Заманбап билим келечекке бекем пайдубал болот” деген темада райондук деңгээлде семинар өткөрүлдү. Семинарга райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Айбек Карыбекович, Тогуз-Торо айыл округунун башчысы Улан Сапарбекович, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Сапарбекович, райкомдун төрагасы Залкар Керипбаевич жана жалпы билим берүүчү орто мектептердин жетекчилери,
25.02.2019 670 Кесиптик бирлик региондордоБаштапкы уюмдардын эмгеги бааланды
2019-жылдын 14-февраль күнү ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин кезектеги кеңейтилген кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге КРнын ББ жана И кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов катышып, тармактык профсоюздун, облустук комитеттин жана ЖАМУнун профсоюздук комитетинин профсоюздук ишмердүүлүктөрүнө токтолуу менен “ 2018-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жылы” мамлекеттик программасынын алкагында уюштурулган Республикалык “Проф Com Интернет конкурсунун” жыйынтыгы менен “Баштапкы профсоюз уюмдун иш тажрыйбасы” номинациясы боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды: ЖАМУнун профсоюздук комитети КРнын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун
25.02.2019 635 Кесиптик бирлик региондордоАр улут өз эне тилин даңазалады
21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош гуманитардык – педагогикалык институтунда салтанаттуу кече болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет. Иш чара окуу жайдын ифакультеттер жана жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, ага окуу жай жетекчилиги, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы Б.Нурунбетов баштаган ар улуттун маданий борборлору жана ОГПИде даярдалган орус, кытай, жапон, англис жана кыргыз тили адистиктеринин студенттер жана башка өзбек, тажик, түрк улутундагы студенттер катышты.
22.02.2019 1109 Кесиптик бирлик региондордоСоциалдык адилеттүүлүк күнү белгиленди
Социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жыл № 110 токтомунун негизинде Ноокен районуна караштуу № 6 “Арал” атындагы орто мектебинде 2019-жылдын 20-февраль күнү Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү белгиленди. Анда мектеп директору Ч.Курбанбаева, кесиптик уюмунун төрайымы А.Эргешова, социалдык педагог К.Зияшова, мугалимдер жана окуучулардын катышуусунда өттү. Мектеп директору Ч.Курбанбаева бул күн качан негизделип жана белгиленип келе жаткандыгы жөнүндө түшүнүк берди.
22.02.2019 960 Кесиптик бирлик региондордоСоциалдык Адилеттүүлүк күнүнө карата тарбиялык саат өтүлдү
Бүгүн 20-февраль №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинде Социалдык Адилеттүүлүк күнүнө карата тарбиялык саат өтүлдү. Окуучулар Социалдык Адилеттүүлүк, коомдогу социалдык теңдик жөнүндө түшүнүк алышты. Бул тема боюнча өзүлөрүнүн фантазиялары менен сүрөттөрдү тартышып, дил баяндарды жазышты.
22.02.2019 1780 Кесиптик бирлик региондордоАлиппенин автору ОГПИде
Окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор, белгилүү балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев менен студенттердин жана окутуучулардын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу окуу жай менен биргеликте Президенттин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюшутрулуп, ага ар бир факультеттен алдыңкы студенттер, окутуучулар жана институтун жетекчилиги катышты.
21.02.2019 679 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы технологияларды колдонуу – заман талабы
2019-жылдын 19-февраль күнү «Үлгүлүү кыргыз тили мугалими -2019” кароо-сынагынын 1-туру өткөрүлдү. Быйылкы “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” карата биринчи турда мугалимдер “Кыргызтесттен” онлайн түрүндө компьтерлерде тесттик тапшырмаларды аткарышты жана “Кыргызстандын жакынкы келечеги жаңы маалымат технологиясында” деген темада көз караштарын эссе түрүндө жазышты. Эки тапшырманы мыкты аткарып, эң жогорку балл алган 12 мугалим 2-турга катышууга жолдомо алышты.
21.02.2019 1083 Кесиптик бирлик региондордоЛЕЙЛЕК РАЙОНУНДА "ЭРТЕ ЖАШ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ МАКСАТЫНДА ОЮН АЯНТЧАЛАРЫН УЮШТУРУУ"
Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата энелердин руханий байлыгын өнүктүрүү, ата-энелердин көңүлүн эрте курактагы балдарынын таалим-тарбиясына буруу, бакчага тартылбаган аярлуу катмардагы балдарды мектепке чейинки билимди алууга жана коомго кошулууга, өз курактуу балдар менен мамиле түзүп, ойноого тарбиялоо максатында 16-февраль күнү Исфана шаар башкармалыгына караштуу Голбо айылындагы "Керемет-Голбо" балдар бакчасында семинар-тренинг болуп өттү.
21.02.2019 613 Кесиптик бирлик региондордо“Манас таануу” конкурсу болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана КТРК телеканалы менен бирге уюштурулган “Манас таануу” тандоо конкурсу Кадамжай районундагы А.Масалиев атындагы орто мектебинде болуп өттү. 1-орунду “Охна” гимназия мектеби, 2-орунду А.Камбаров “Тамаша” орто мектеби ээлешип областтык турга жолдомо алышты. Окуучуларды даярдаган мугалимдерге Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү ыраазычылыктарын билдирди жана райкомпрофсоюз тарабынан жеӊүүчү окуучуларга жана жетекчисине сыйлыктар берилди.
21.02.2019 796 Кесиптик бирлик региондордоИнформация о проведении спартакиады учителей
16.02.2019 года Майлуу-Сууйский городской комитет провел закрытие спартакиады учителей. При прохождении спартакиады приняли участие учителя и работники образования. По всем видам спорта в которых приняли участие учителя были отмечены победители и участники. На закрытие пришли поздравить наших спортсменов депутат жогорку кеңеша Мамытов Т.Т., мэр города Маматов Н.А., вице-мер города Тургунбаев Мирлан и зав. горОО Караева Ж.И.
21.02.2019 562 Кесиптик бирлик региондордо“МАНАС эпосу-кыргыз рухунун туу чокусу”
2019- жыл 11-февраль күнү Токтогул районунун Бала-Чычкан айылынын №8 А.Иманбаев орто мектебинде болуп откон мектептер аралык “Манас таануу интеллектуалдык таймаш” жогорку деӊгээлде ишке ашырылды. Бул таймаштын катышуучулары болуп Токтогул райадминистрациясынын төрагасы М.Сатымкулов, Токтогул районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сатымкулова, Токтогул районунун профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов, КР эмгек сиӊирген артисти манасчы Р.Исаков, Жаӊы-Жол айыл өкмөтүнүн өкүлү ж.б. комиссияга мүчөлүк кылып катышышты. Таймаш экиге бөлүнүп
21.02.2019 1618 Кесиптик бирлик региондордо