Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Маалымат каражаттары – профсоюз ишмердүүлүгүнүн күзгүсү

Билим берүү жана  илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 6-съездинин жана кезектеги Пленумдарынын токтомдорунда профсоюздук ишмердүүлүктү чагылтырууну жакшыртуу  максатында   массалык маалымат каражаттары  менен  тыгыз иштоону тармактык обкомдорго, райшаардык комитеттерге жана  баштапкы уюмдарга милдеттендирилген.

Бул багытта Жалал-Абад  обкому  2018-жылдан “Инсан kg” журналы  менен  өнөктөштүктө иштешип, республикадагы, облустагы, райшаарлардагы профсоюздук  иштерди чагылдырууга активдүү катышууда.

2019-жылдын  18-мартында     “Инсан kg” журналынын редактору Мубара Абдилатипова обкомдун жамааты  менен жолугушуусу болду.

Жолугушууда  2019-жылдагы  иштерди уюштуруу, райшааркомдордун республикалык кароого  катышуусун чагылдырууну системалуу баяндоо, иш  тажрыйбаларды жайылтуу  боюнча , укук  жана эмгекти коргоо, коопсуздукту камсыздоо  тууралу усулдук  материалдарды берип  баруу жөнүндө    “Инсан kg” журналынын редактору Мубара Абдилатипова обкомдун жамааты  менен ой-пикир, сунуштарын болушту.

Обкомдун төрагасы  А.Исмаилов  алдындагы милдеттерди ишке  ашыруу  чаралары жөнүндө,уюштуруу  бөлүмүнүн  башчысы А.Бегматов  пленум, президиумдар, семинарлар  аркылуу жетекчиликти  жана көзөмөлдү өнүктүрүүдөгү  ийгиликтер тууралуу, обкомдун  инспектору А.Айдаров  укук жана эмгекти коргоо инспекторлорунун иштерин уюштуруу багытындагы, обкомдун финансы бөлүмүнүн башчысы З.Сулайманов  каражаттарды  максаттуу  пайдалануу боюнча    “Инсан kg” журналы редакторуна  кыскача  маалымат беришти.

Жолугушуу иштиктуу  маанайда отуп, биргеликтеги иш  аракетердин жол  картасы белгиленди.

 

Материалды даярдаган:

Обкомдун  инспектору

А.Айдаров.