Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунан 3 окуучу республикалык предметтик олимпиадага катышат

2019-жылдын 12-13-март күндөрү Жалал-Абад облусундагы Курманбек баатыр атындагы лицейинин базасында предметтик олимпиаданын облустук этабы болуп өттү. Олимпиадага облустун аймагындагы райшаарлардан окуучулар катышышты. Ноокен районунан 34 окуучу катышып, 6 окуучу байгелүү орундарга ээ болушту. Олимпиадада бул окуучулардын бирөө 1-орунду, экөө 2-орунду, үч окуучу 3-орунду алышты.

  1. 1-орун ээ болгон окуучу: Парпиев Дастан - №8 Т.Орозматов атындагы орто мектебинин  11-классынын окуучусу, география сабагы, мугалими Карыбекова Пазилат;
  2. 2-орунга ээ болгон окуучулар: Союзбек кызы Касиет—№ 15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин  10-классынын окуучусу, орус тили сабагы, мугалими Сыдыкова Жаңыл; Субанова Бактыгул — №28 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу, кыргыз тили сабагы, мугалими Айдарова Бусара;
  3. 3-орунду алган окуучулар: Адылбек кызы Гулбара  — № 18 Молдалиев атындагы орто мектеби, физика; Нурлан уулу Бекзат — № 8 Т. Орозматов атындагы орто мектеби,география;  Самиева Миранда — Н. Исанов атындагы жатак гимназия мектеби, орус тили;

Жеңүүчүлөргө Жалал-Абад  облустук билим берүү усулдук борбору, Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан дипломдор тапшырылып, 1-2-орундарга ээ болгон  үч окуучуга республикалык олимпиадага катышууга жолдомо берилди. 

 

Материалды даярдаган:

Ноокен райКБКнын инспектору Т. Бакиров