Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта илимий конференция болуп өттү

Сузак райондук билим берүү бөлүмүндө 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата “Өлкөнү санариптештирүүдө, билим берүү системасынын өнүктүрүү иш аракеттеринин сапатын жогорулатууда аялдардын ролу” аттуу илимий конференция болуп өттү.

Илимий конференцияга Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э.А.Омошев, акимдин орун басары Абибова Л.С. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сариев С.К. жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Д.Орозалиевдер катышып, айымдардын майрамы менен куттуктап, жакшы каалоо тилектерин билдиришти.

Илимий конференцияда билим сапатын жогорулатууда жаңы инновациялык технологияларды колдонуу, санариптештирүү жылында интернет ресурстарын пайдалуу боюнча докладдар окулду.

Илимий конференциянын жыйынтыгында конференцияга келген эки жүздөн ашык педагог айымдарга 8-март аялдардын  эл аралык күнүнө карата белектер тапшырылды. 

 

Профсоюздун Сузак райкомунун

басма сөз катчысы: З.Киргизбаев