Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сузак районундагы мектептерде Нооруз майрамы өткөрүлүүдө

Сузак районуна караштуу жалпы билим берүүчү мектептерде  “2019-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында” Нооруз майрамына карата иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Мектептерде өткөрүлүп жаткан иш-чараларда улуттук маданияттын баалуулуктарын чагылдырган элдик каада-салттар окуучулардын жана мугалимдердин аткаруучулук чеберчилиги менен көрсөтүлүп, сахналаштырылган көрүнүштөр, ыр-бийлер болду. Ошондой эле улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, алардын жасалышы кеңири айтылды.

 

Профсоюздун Сузак райкомунун

басма сөз катчысы З.Киргизбаев